ИИМ: Аквапаркта каза болгон 18 жаштагы баланын өлүмү боюнча экспертиза чыга элек

Бостери айылындагы «Алтын Кум» пансионатынын аквапаркында суу соруучу түтүк соруп кеткен 18 жаштагы Станислав Ситниковдун өлүмү боюнча экспертиза дагы деле даяр боло элек. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев брифинг учурунда билдирди.

«18 жаштагы Станислав Ситниковдун өлүмү боюнча бир канча экспертизалар дайындалган. Эң негизгиси — бул экотехникалык экспертиза, анын жыйынтыгы азырынча даяр боло элек. Бардык жыйынтыктар алынгандан кийин бул кылмыш ишине юридикалык баа берилет», — деди Дуйшеналиев.

Баланын өлүмүнөн бери 3 айга жакын убакыт өттү.

Ситниковдун өлүмү

Ситников 27-июлда пансионаттагы аквапаркта каза тапкан. Аны суу соруучу насостун диаметри 50 см болгон түтүкчөсү соруп кеткен. Куткаруучулар анын сөөгүн алып чыгуу үчүн экскаватор менен кумду казып, түтүкчөнү кескен.