Күндүн сүрөтү: Бишкекте пандемияда каза тапкан медиктерге эстелик тургузулду

Коронавирус пандемиясында каза тапкан медиктерге тургузулган эстелик. Сүрөт: Кабар

Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын алдында 19-октябрда коронавирус менен күрөшүү учурунда каза тапкан медиктерге арналган эстелик ачылды.

Ачылыш аземинде эстелик орнотууну демилгелеген медицина илимдеринин профессору Рахатбек Оморов сөз сүйлөп, медицина тармагынын кызматкерлеринин көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөгөнүн билдирди.

«Мемориал КММАнын башкы корпусунун алдындагы аллеяга коюлду. Анткени пандемияда каза тапкандардын көбү дал ушул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү болгон. Эстеликте COVID-19 жуктурган бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшкөн врач менен медайымдын элеси түшүрүлгөн», — деди Оморов.

Саламаттык Сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын март айына карата COVID-19 пандемиясы башталгандан бери 104 медкызматкер көз жумган.

Жумуш учурунда коронавирус жуктуруп алган медиктерге 150 миң сом, ал эми каза болгондордун үй-бүлөсүнө төрт миллион сомдон ашык кенемте каралган. Бирок компенсация төлөөдөн мурда Саламатык сактоо министрлигинин алдындагы атайын комиссия ар бир окуяны тыкыр иликтеп чыгат.

2021-жылдын август айында, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев ведомствого кенемте алуу үчүн жалпы 3 миң 809 арыз келип түшкөнүн айткан.

«1 миң 127 кишинин арызы боюнча төлөө чечими кабыл алынды.2020- жылдын аягына чейин 925 медикке 200 миң сомдон жана каза болгон 32 медиктин жакындарына 1 миллион сомдон төлөп жетиштик. Бул жылы калган 202 медик жана бир үй-бүлө алышты, — деп билдирген анда Жумакеев.