Чолпон Жакупова: Мамрезиденциянын бир жылдык чыгымы 112 млн сомго жетет

«Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова президент Садыр Жапаров жашаган «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын чыгымдары тууралуу кайрылуусуна бир жарым айдан кийин гана жооп келгенин Kaktus.media басылмасына айтып берди.

Жакупованын айтуусу боюнча, жооп 90 барактан турат, бирок ал жерде юристтердин негизги суроолоруна жооп берүүчү маалыматтар жок.

Мисалы, жоопто мамрезиденциянын аймагында жашоого укугу бар мамлекеттик кызматкерлердин тизмеси жок. Бул «кызмат үчүн пайдалануу» аргументи менен түшүндүрүлгөн. Жакупова 2016-жылга чейин мамрезиденцияда ким жашаганы тууралуу маалымат ачык болгонун түшүндүрдү, бирок кийин документке өзгөртүүлөр киргизилген жана адамдардын саны өскөн.

«Биз президенттин администрациясына бул тизмени ачыктоону сунуштайбыз. Ошондо логикага жана аң-сезимге ылайык болот. Эгер президент резиденцияда жашап жатканы эч кимге жашыруун болбосо калган төмөнкү чиндеги чиновниктер эч нерседен коркпосо деле болот. Бийлик ачык-айкын иши, жооптуулугу менен элдин ишенимин арттыра алат», — деди Жакупова.

Анын айтымында, документке ылайык мамрезиденциянын бир жылдык чыгымы 111 млн 616 миң сомду түзөт, бирок бул каражат кайда жумшалары тууралуу ага маалымат берилген эмес.

«Эгер бул суммадан президентке каралган [3,4 млн сом] каражатты кемитсек, анда 108 млн 187 миң сом калат. Мамрезиденциянын чыгымынын 97%ы президентке тиешелүү эмес. Администрация кызмат адамдары коммуналдык төлөмдөрдү өз чөнтөгүнөн төлөп жатканын айтып атышат. Анда калган акчалар кайда кетип жатат?» — деп суроо салган «Адилеттин» башчысы.

Ошондой эле, Жакупованын айтуусу боюнча, мамбюджеттен сырткары, мамрезиденцияда киреше алып келүүчү расмий эмес иш-чаралар өткөрүлөт. 2020-2021-жылдары анда 38 иш-чара өткөн. Ал өлкө башчысынын администрациясы ачык болуусу керек экенин, анткени жашыруун нерсе ушактарды пайда кыларын баса белгиледи.

«Кыянаттык пайдалануу болушу мүмкүн деген шек жаралат. Бизди белди бекем буугула деп өздөрү биздин эсебибизден жыргап жатышат деген сөз болот. 2010-жылдан бери мамрезиденциянын чыгымдары өсүп, ал эми өлкө жакырланып атат. Алардын үйүндө унаалары, күзөтчүлөрү жана айдоочулары бар. Батыш өлкөлөрүндө бул коррупция деп эсептелет, персоналдык пенсия дагы бар анын ичинде. Белиңерди бекем бууганыңарды элге үлгү кылып көрсөткүлөчү», — деп белгиледи ал.

Дагы окуңуз: Ташиев мамрезиденцияда жашап жатканы тастыкталды