Сузак: Айыл өкмөттүн өрттөнгөн имаратын оңдоо үчүн тургундар каражат чогултууда

Сүрөт: "Турмуш" басылмасы

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айыл өкмөтүнүн өрттөнгөн имаратын оңдоо үчүн жергиликтүү тургундар каражат чогултуп жатышат.

Маалыматка ылайык, марафон уюштурууну алгач айылдын имамдары демилгелеген. Андан соң активисттер аларды кубаттап, уюштуруу иштерин алып барган.

Учурда марафонго жеке ишкерлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери, дин ишмерлери жана жергиликтүү тургундар катышып акча чогултуп жатышат.

Айыл өкмөт башчысы Бекзат Умаров «Турмуш» басылмасына аталган марафон уланаарын, атайын экспертиза чыгымдарды эсептеп чыкса оңдоп-түзөө иштери башталаарын айтты.

«Айыл эли колунан келишинче каражат берип, айылдык кеңештин депутаттары, райондогу мекеме-ишканалар, айылдагы мектептердин жамааттары каражат чогултушту. Мындан сырткары ишкерлер акчалай, айрымдары курулуш материалдары, эмеректер менен колдоо көрсөтөрүн билдиришти. Берилген ар бир каражат айыл имамдары тарабынан түзүлгөн комиссиядан каттоодон өтүп жатат», — деди ал.

Он күн мурда Сузак айыл өкмөтүнүн имаратында өрт чыгып, андагы архивдик документтер жана эмеректер күйүп кеткен. ӨКМден өрт көмүр сактоочу жайдан чыкканын айтышкан. Экспертиза өрттүн келип чыгуу себебин жана чыгымдын суммасын тактап жатат.

Учурда айыл өкмөттүн кызматкерлери аймактагы калкты тейлөө борборунун эски имаратында иштеп жатышат.