Байсалов тажикстандык студенттер үчүн өлкө чек арасы ачылганын айтты

Кыргызстанда окуган тажикстандык студенттерге өлкөгө кирүүгө уруксат берилди. Министрлер кабинети кабыл алган чечим тууралуу ведомствонун төрагасынын орун басары Эдил Байсалов твиттерге жазды.

Анын айтымында, бул жаңы министрлер кабинетинин алгачкы чечиминин бири болуп эсептелет.

«Бул чечим бир тууган эки элдин ортосундагы достук менен ынтымактын бекем көпүрөсү», — деп жазды Байсалов.

Буга чейин Кыргызстандын ЖОЖдорунда билим алган 100дөн ашык тажик студенттери өлкөгө кире албай жатканын айтып чыгышкан. Алардын айрымдары окуусун улантууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранган. Ошондой эле коңшу өлкөдө жашаган этникалык кыргыздар да кыргыз бийлигине кайрылуу жасап, маселени чечип берүүнү өтүнүшкөн.

*Апрелдин аягындагы тажик аскерлеринин куралдуу агрессиясынан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын жапкан.

Ал эми Кыргызстандын билим берүү министрлиги маселе жакын арада чечилерин убадалап, бул тууралуу Тажикстанга мурда эле кабар берилгенин билдирген.

Кыргызстандагы тажик студенттери

Иллюстративдик сүрөт.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 2020-2021-окуу жылында эки миңге жакын Тажикстандык студент билим алган. Алар негизинен Ош, Баткен мамлекеттик университеттеринде, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде, Борбордук Азиядагы Америка университетинде жана Нарындагы Борбор Азия университетинде окушат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Тажикстандын билим берүү министри Махмадюсуф Имомзода кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин студенттер коркутуп-үркүтүү көбөйгөнүн айтышканын, мындан улам окууларын Тажикстанга которуу үчүн арыз бере баштаганын билдирген.

Ал эми Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги аталган маалыматты төгүндөгөн.