Октябрь РИИБнин жетекчиси жана тергөөчүлөрү пара опузалоого шектелип кармалды

Аскер прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын үч кызматкерин «коррупцияга» шектеп кармады.

Маалыматка ылайык, прокуратуранын тергөө тобу Октябрь РИИБнин башчысы Уланбек Аалиев, тергѳѳ кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Айсулуу Рамазан кызын кармаган. Алар жалгыз бой энени камоо менен коркутушуп, андан акча опузалоого шектелүүдө.

«[Шектүүлөр] ага карата моралдык жана психикалык кысым кѳрсѳтүшүп, анын кѳп балалуу жалгыз бой эне болгондугуна карабастан, өз максаттарына жетүү үчүн аны кайра-кайра негизсиз Октябрь РИИБсине чакыртып, ѳзгѳчѳ ири ѳлчѳмдѳ опузалап пара талап кылышкан», — деп берилет Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Октябрь РИИБдин башчысы Уланбек Аалиев. Сүрөт: AKIpress

Көзөмөл орган «Опузалап пара алуу», «Кыйноолор» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Ал эми милиция кызматкерлери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында УКМК Бишкектин Биринчи май РИИБнин кызматкерин пара опузалоого шектеп кармаган. Милиционер Чүй облусунун тургунунан 500 АКШ долларын жана кымбат баалуу сувенирди талап кылган. Талап аткарылбаса алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгойм деп коркуткан.