УКМК: MediaHub’дын журналисти Мээрим Айныкеевага кол салууга аракеттенген киши табылды

Мээрим Айныкеева

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ali Toktakunov’s MediaHub’дын журналисти Мээрим Айныкееваны коркутуп, ага басым жасаган киши атайын кызматка тиешеси жок экенин билдирди.

УКМК журналистти коркуткан киши убактылуу эч жерде иштебеген Бишкек шаарынын тургуну «Н.М. уулу» экенин айтты. Ошондой эле «Н.М. уулу» Айныкеева менен мурунку иштеген жеринен тааныш экенин айткан. Ал атайын кызматтын кабыл алуу бөлүмүнө жеткирилген.

«“Н.М. уулу” ал Мээрим Айныкеева менен баарлашуу үчүн ийгиликсиз аракеттерди жасаганын жана тамашалап өзүн “УКМКнын кызматкеримин” деп тааныштырганын мойнуна алган. “Н.М. уулу” КР УКМКнын кызматкери болгон эмес жана кылган ишине өкүнгөнүн айтты», — деп берилет билдирүүдө.

Анткен менен Айныкеева ал кишини тааныбаганын жана бирге иштебегенин билдирди.

«Таанысам айтмакмын да дароо. Релизиңерди кайра менин көрсөтмөм менен жазып чыккыла! Керек болсо ошол иштеген жеримдин архивин көтөргүлө!!! Мен кайсы жылдары иштеп кетиптирмин, бул бала кайсы жылдары иштеген!!!» — деп жазды журналист фейсбук барагына.

Айныкеева коркутууга кабылган окуя

12-октябрда иликтөөчү журналист Али Токтакунов анын кесиптеши Мээрим Айныкеева өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырган киши тарабынан «коркутууга жана басымга» кабылганын айтып чыккан. Окуя 11-октябрь кечинде Бишкектеги «Шахрезада» кафесинде болгон.

Анда Айныкеева курбулары менен эс алып отурганда бейтааныш киши жолун тороп, анын мурда кайсыл жакта иштегени, жерлиги жана жеке турмушу тууралуу билерин айткан.

Ошондой эле «Али Токтакунов кандай адам, азыр каякта?» деген суроолорду берип, кыздардын жанынан кетпей койгон. Журналист жана анын курбулары кафеден чыгып кеткенде да артынан калган эмес.

Мындан улам Айныкеева кишини сүрөткө тартып алганда, ал телефонун жулуп алууга аракет кылып, өзүн «УКМКда иштейм» деп тааныштырган. Журналист курбулары менен кетип баратканда киши кимдир бирөөгө телефондон «ал такси чакырды» деп кабарлаган.

Токтакунов өзү кишинин бул аракетин «кылмыш» деп атап, ал ким экенин тактап жатышканын билдирди. Ошондой эле ал «эгер киши өзү айткандай эле атайын кызматта иштесе, анда бул УКМКнын эркин журналист Мээрим Айныкеевага жана мага карата басымы» деп айткан.

«Мындай зомбулук — коркоктун иши. Биздин иликтөөлөр кимдир бирөөнүн түн уйкусун бузуп атканынын белгиси. Экинчиден Али Токтакуновго кыр көрсөтүп коюу аракети болушу мүмкүн [...] Бийлик сөз эркиндигин коргойбуз деп айтып келатат. Эгер сөзүнө бек болсо мындай жолго барбашы керек», — деген ал.

ТЕМА БОЮНЧА:

«УКМКда иштейм». «Али Токтакунов МедиаХабынын» иликтөөчү журналистине коркутуу болду