«Ызы-чуу чыккан». Тажикстан эмне себептен электр энергиясын бербей калганы айтылды

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Тажикистанда «ызы-чуу чыгып кеткендиктен» Кыргызстанга электр энергиясын экспорт кылуу токтотулганын журналисттерге билдирди.

Доскул Бекмурзаев

«Тажикстандан электр энергиясын алуу боюнча маалымат чыккандан кийин аларда дагы ызы-чуу чыгып кеткен, анткени аларда дагы саясатчылар бар. Биз электр энергиясын төрт эле күн алып жетиштик», — деди Бекмурзаев.

Ошол эле учурда алар Тажикстан менен келишим түзүүгө үлгүрүшкөн эмес.

Октябрдын башында энергетика министри 1-октябрдан баштап Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын алып баштаганын билдирген. Бирок бир нече күндөн кийин коңшу мамлекет Бекмурзаевдин билдирүүсүн төгүнгө чыгарган.

«Бүгүнтөн тартып, Тажикстандан электр энергиясын ала баштадык. Кечээ алар өздөрү телефон чалып, “электр энергия керек болсо берели” деп сунуш кылышкан. Бүгүнтөн тарта күн сайын бир миллион кВт/саат электр энергиясын ала баштадык. Айына 30-50 миллион кВт/саат электр энергиясын алууга мүмкүнчүлүк бар», — деген 1 октябрда минкабдын төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев.

Бирок Тажикстандын энергетика министрлиги Кыргызстанга электр энергиясынын экспорт кылуу мүмкүндүгү тууралуу сунуш берилбегенин айткан.