Жапаров: Бийликти басып алган жокпуз, биз бир күндө тартип орноттук

Президент Садыр Жапаров журналисттерге курган басма сөз жыйынында 2020-жылдын октябрында бийликти басып албаганын, тескери, баары мыйзамдуу болгонун билдирди.

«Октябрь окуяларында баарыңар эле бийликти басып албадыңарбы, Ташиев менен Жапаров деле жооп берсин” деген журналисттер барсыңар. Бирок мен бир да мекемени басып алдымбы? Же Ташиев барып басып алдыбы? “Мына, биз сени отургуздук” дегенде да мен отурган жокмун ал жерге. УКМКны, ИИМди, прокуратураны, облустарды басып алышты. Биз бир күн ичинде ошону тартипке сала алдык», — деп билдирди Жапаров.

Ошондой эле, «төңкөрүш болобу же массалык башаламандыктар болобу, биз мамлекеттик мекемелерди басып алууну токтотуубуз керек» деп кошумчалады ал.

Бирок кезексиз өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы айтылгандан кийин ал Орусиянын «Коммерсант» басылмасына ири маек куруп, революцияны түрмөдөн жасаганын айткан. Ал үч жарым жыл социалдык тармак жана мессенджерлер аркылуу эл менен түз байланышып турганын билдирген.

Анын айтымында, ал түрмөдө отурганда кезде ал жакта отурган жөнөкөй жарандарга жардам берген.

«Мага кайрылган 100дөн ашык адам мен абакта жатканда бошонуп чыкты. Алар мага иштеп башташты, мен тууралуу маалымат таратып, жакшы адам экенимди жайылтышты. Мен чыккан кезде баары митингге келип, колдоп беришти. Үчүнчү революциянын болгон сыры мына ушул», — деп билдирген Жапаров басылмага курган маегинде.

2020-жылдын 5-6-октябрында Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү митингге чыгышкан. Митинг массалык толкундоолорго айланып, митингчилердин бир тобу Ак үйдү басып алган. Митингчилер абакта отурган бир катар саясатчыларды бошотуп чыгышкан — алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев (Атамбаев кайра абакка кайтарылган) жана учурдагы өлкө башчысы Садыр Жапаров да бар. Натыйжада өлкөдө бийлик алмашкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Революцияны түрмөдөн жасадым». Жапаров «Коммерсантка» эмне тууралуу айтып берди?