COVID-19: Акыркы суткада вирустун 96 жаңы учуру катталды, үч адам каза болду

Өткөн суткада дагы үч кыргызстандык коронавирустан көз жумду, саламаттык сактоо министрлиги каза болгондор эмдөө албаганын билдирди.

Ошондой эле, сутка ичинде илдеттин 96 жаңы учуру катталды.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

  • Бишкекте — 52;
  • Ысык-Көлдө — 15;
  • Чүйдө —13;
  • Таласта — 5;
  • Жалал-Абадда — 5;
  • Баткенде — 4;
  • Ош — 1;
  • Нарын — 1.

Илдеттен айыккан 54 адам ооруканадан чыкты, ал эми стационарда 689 адам дарыланууда.

Пандемия башталгандан бери 180 563 кишиге вирус жуккан. Алар иичинен 175 061 адам айыгып, 2 653 адам өмүрү менен кош айтышкан.

Өткөн суткада вакцина алган 6 993 жарандын 4 124ү биринчи дозаны, ал эми 2 869у экинчи дозаны алган.