Акыркы суткада коронавирустан эки адам каза болуп, 66 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 25-октябрга карата коронавирустун 66 жаңы учуру катталды, эки бейтап каза болду. Илдеттен 36 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 41;
  • Ысык-Көл облусунда — 15;
  • Чүй облусунда — 3;
  • Ош облусунда — 3;
  • Талас облусунда — 2;
  • Баткен облусунда — 2;
  • Жалал-Абад облусунда — 1;
  • Нарын облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 180 629га жетти. Ал эми өлкө боюнча 175 097 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 655 адам көз жумду.

Учурда 712 бейтап ооруканаларда, ал эми 655 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 25-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 966 адам, ал эми экинчи дозасын 463 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.