Коомдук тамактануу жайлары эми күтүүсүз текшерилет

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жылдын 4-кварталына карата коомдук тамактануу жайларын текшерүүнүн планын иштеп чыкты. Экономика министрлигинин жактыруусунан кийин текшерүүлөр башталат. Бул тууралуу 26-октябрда Sputnik’ке Мамлекеттик санитардык-эпидемологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова айтты.

Анын айтымында, 2018-жылы киргизилген мораторийге ылайык 3 жылдан бери ведомство коомдук тамактануу жайларын пландык текшерүүдөн өткөргөн эмес.

«Ветеринардык кызмат, фитосанитардык кызмат жана биздин санитардык кызмат эми пландык текшерүүлөрдү өткөрүп турат. Бирок бул маселе Минэкономдо каралууда […] Минэконом уруксат бергенде баштайбыз»,— деди Есенгулова.

Ал пландык текшерүүлөр башталганда мекеме «бирин да калтырбай» текшерерин айтты.

«Мисалы азык-түлүктүн технологиялык даярдалышы, продукцияны сактоо, санитардык норма, гигиенанын сакталышы, медициналык кароо жана башкалар», — деп белгиледи Есенгулова.

Анын айтымында, адатта коомдук тамактануу жайлары жылына бир жолу текшерилет, бирок тобокелдиктин деңгээлине жараша көбүрөөк да текшерилиши мүмкүн.

«Биринчи тобокел тобуна киргендер жылына эки жолу, экинчи жана үчүнчү топтогулар бир жолу текшерилет. Айрым өндүрүш объектилери чыгарган продукциясына жараша 2-3 жылда бир жолу текшерилет», — деди санврач.

Есенгулова тамак-аш азыктарын чыгарган, бышырган жана кардарларды тейлеген бардык коомдук тамактануу жайлары текшерилерин билдирди.

«Азык-түлүктөр менен байланыштуу шаардагы бардык базарлар, — Ош, Орто-Сай, Аламүдүн жана шаардагы бардык кичи базарлар [текшерилет]. Ошондой эле, азык-түлүк саткан бардык дүкөндөр, супермаркеттер жана соода павильондору дагы текшерилет. Мындан тышкары, тамак-аш продукцияларын чыгарган (колбаса, нан азыктары) түйүндөр дагы текшерүүдөн өтөт. Өндүрүүчүлөр дагы кирет», — деди ал.

Ошондой эле санврач буга чейин мекеме текшерердин алдында мыйзам боюнча 10 күн мурда кабарлап турганын кошумчалады. Бул даярдык көрүүгө мүмкүндүк берип коюп турган.

«Биз мындай болбойт экенин түшүндүк, текшерүүлөр күтүүсүз болуусу керек, ошондуктан эскертүүлөр тууралуу ченемди алып салдык» , — деди ал.

Буга чейин «Империя пиццы» кафелер түйүнүндөгү массалык уулануудан кийин бийлик коомдук тамактануу жайларын текшерүүгө киргизилген 2018-жылкы мораторийди убактылуу алган. Саламаттык сактоо министрлиги эми Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери өлкө боюнча бардык коомдук тамактануу жайларын текшерип чыгышат деп билдирген.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 26-октябрдын саат 11:00нө карата массалык уулануудан улам жабыркагандардын саны 179 адамга жетти, алардын ичинен 18и — жаш балдар.

Саламаттык сактоо министрлиги учурда ооруканаларда уулануудан жабыркаган 50 адам дарыланып жатканын билдирди. Алардын ичинен 12 жаш бала Медициналык тез жардамдын Шаардык балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жатат.