Массалык уулануу фактысы: «Империя пиццыга» 30 миң сомдон ашык айып салынды

«Империя пиццы» кафелер түйүнүндөгү массалык уулануудан улам филиалдардын администрациясына жалпы 30 500 сом штраф салуу боюнча беш протокол жазылып тапшырылды. Бул борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова 26-октябрдагы басма сөз жыйында билдирди.

Анын айтымында, «Империя пиццынын» бардык 16 филиалы жагдайлар аныкталып, анализдердин жыйынтыгы толугу менен чыкканга чейин жабылды.

Ал Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыгы менен мыйзамга ылайык чара көрөрүн билдирди.

«Биз [уулануу тууралуу] Бишкек ШИИББи менен прокуратурага маалымат бердик. Мындан ары укук коргоо органдары иш алып барат. Же кылмыш иштерин козгошу мүмкүн, билбейбиз [...] Биз [мамсанэпидкөзөмөл] өз деңгээлибизде чара көрөбүз», — деди ал.

Ал 2018-жылы «Ала-Тоо» ресторанында 180ге чукул адам ууланганда дагы Бишкек ШИИББи кылмыш ишин козгогонун эскерди. Анда укук коргоо орган кызматкерлери «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» жана «Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды сатуу же өндүрүү, жумуштарды аткаруу же болбосо кызмат көрсөтүү» беренелери боюнча иш козгошкон.

Массалык уулануу

«Империя пиццы» кафесинин ар башка филиалдарында массалык уулануу катталган. 23-октябрдан тартып Биштектеги Темир жолчулар ооруканасынын инфекция бөлүмүнө тамак-ашка ууланган жарандар кайрыла баштаган.

Саламаттык сактоо министрлиги 24-октябрда «Империя пиццы» кафесинде роллы жеген 12 киши ууланганын билдирген. 25-октябрда эртең менен уулангандардын саны 85ке жеткен. Ошол эле күнү күндүз уулангандардын саны 118ге чыккан.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 26-октябрдын саат 11:00нө карата массалык уулануудан улам жабыркагандардын саны 179 адамга жетти, алардын ичинен 18и — жаш балдар.

Учурда ооруканаларда уулануудан жабыркаган 50 адам дарыланып жатат

Массалык уулануудан кийин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору «Империя пиццы» кафесинин бардык филилалдарын эпидиликтөө үчүн убактылуу жабуу чечимин кабыл алган.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрли2018-жылы коомдук тамактануу жайларын текшерүүгө киргизилген мораторий убактылуу алып салынганын кабарлаган. Эми мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери өлкөнүн бардык аймагындагы коомдук тамактануу жайларын текшерет.