Оштогу жарнама баннерлери партия жана талапкерлерге чүчүкулак аркылуу ижарага берилет

Сүрөт: «Т-Медиа»

Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына караштуу жарнамалык щиттер парламенттик шайлоого катышуучу партия жана талапкерлерге чүчүкулак аркылуу ижарага берилет. Мындай чечимди Оштун мэри Алмаз Мамбетов 25-октябрда кабыл алды.

Мэриянын басма сөз кызматынан Мамбетов мындай чечимди президент Садыр Жапаровдун «калыс шайлоо өткөрүү керек, кайсы бир партиянын кызыкчылыгына иштебегиле деген талаптарынын негизинде», ошондой эле «шайлоого аттангандарга бирдей шарт түзүп берүү максатында» кабыл алганын белгилешти.

«Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын өкүлдөрүн жана талапкерлерди чүчүкулакка катышууга чакырабыз. Чүчүкулакка катышуу үчүн Ош шаарынын Заднепровский көчөсү [Ош мэриясынын имаратындагы] №3 кабинетке 27-октябрь саат 12:00гө чейин кайрылуу кат тапшыруу зарыл», — деп берилет мэриянын маалыматында.

Ошто муниципалитетке караштуу жалпы 16 жарнамалык щит бар. Алар кайсы даректерде жайгашканын бул шилтеме аркылуу көрүүгө болот.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Алмаз Мамбетов: Мени «бир партияга чуркап бер» деп жиберишкен жок