Сүрөт: «Азаттык» партиясы

Парламенттик шайлоого катыша турган «Азаттык» партиясы 10-октябрда съезд өткөрүп, талапкердин тизмесин бекитти. Ал эми ЖМКлар партиянын тизмесиндеги алгачкы тогуз талапкердин атын атады.

«Азаттыктын» катарына Жогорку Кеңештин ар кайсы чакырылышынын депутаттары кирди. Ошондой эле, тизменин алдыкы катарында журналист жана «Нур» партиясынын жетекчиси Мыктыбек Арстанбек да бар.

Исмаил Исаков

«Азаттыктын» съездинде 71 жаштагы Исмаил Исаков партиянын төрагасы болуп шайланды. Исаков Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышынын (2000-2005) депутаты. Ошондой эле, ал 2010-жылы Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүндө коргоо министринин милдетин аткарган.

Исаков 2017-жылдагы президенттик шайлоодо ошол кезде бийликчил талапкер болгон Сооронбай Жээнбековду колдогон.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында бир катар маданият кызматкерлери президент Садыр Жапаровго кат жолдоп, «бийликти басып алууну көздөп жаткан» саясатчыларга чара көрүүнү өтүнүшкөн — алардын арасында Исмаил Исаков да бар болчу. Мындан улам ал башка саясатчылар менен бирге сурак берип чыккан.

Партиянын тизмесинде экинчи орунда «легендарлуу парламенттин» экс-спикери Медеткан Шеримкулов жайгашты — ал 82 жашта. Шеримкулов Кыргызстандын Түркия жана Ирандагы элчиси болуп иштеген. Ошондой эле ал 1995-жылкы президенттик шайлоого катышып, 1,72% добушка ээ болгон. Учурда саясатчы «Улуу-Журт» партиясынын лидерлеринин бири.

Медеткан Шеримкулов
Акматбек Келдибеков

Ахматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын экс-спикери. Ал парламентке УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана өлкө башчы Садыр Жапаров түптөгөн «Ата-Журт» партиясы менен шайланган.

Саясатчы 2015-жылы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» күнөөлүү деп табылып, 3 млн сом айыпка жыгылган. Арадан алты жыл өткөндөн кийин Жогорку сот Келдибековго карата чыккан өкүмдү жокко чыгарган.

Келдибеков 2020-жылдын октябрь айында Матраимовдордун кланы менен байланышы бар «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан. Мындан сырткары, бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Келдибековдун уулунун «өкүл атасы».

Жылдызкан Жолдошова

«Азаттыктын» тизмесинде төртүнчү турган экс-депутат Жылдызкан Жолдошова дагы мурда «Ата-Журттун» мүчөсү болгон. Ошондой эле Жолодошова президент Жапаров абакта жатканда анын бошотулушун талап кылып жүргөн.

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Жолдошова Ташиевдин «Мекенчил» партиясынын катарында барган. Анткен менен бийлик алмашкандан кийин Жолдошова Жапаровго карата позициясын өзгөртүп, аны кескин сындап баштаган.

Мындан сырткары партиянын катары төмөнкү талапкерлер киришти:

Роза Акназарова — 2010-жылы «Республика» партиясынын катарында Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Ал эми 2019-жылы Акназарова Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин директорлор кеңешмесинин төрайымы болуп шайланган.

Роза Акназарова
Ишенбай Кадырбеков

Ишенбай Кадырбеков — ал 1995-жылдан тарта эки чакырылыштын депутаты болгон. Кадырбеков 2005-жылы «жоогазын революциясынан» кийин бир нече күн президенттин милдеттерин аткарган. Ал эми 2011-2015-жылдары ал Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон — анын талапкерлигин «Ата-Журт» партиясы сунуштаган.

Мыктыбек Арстанбек

Мыктыбек Арстанбек — «Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун» директору жана «Нур» партиясынын негиздөөчүсү. Арстанбек 2021-жылы президенттик шайлоого катышып, 1,69% добуш алган. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында саясатчы коррупцияга күнөөлүү деп табылган экс-бажычы Райымбек Матраимовду «кудай берген ырыскысын бөлүшкөн бала» деп сыпаттаган.

Бактыбек Калмаматов — «Ата Мекен» партиясынын мурдагы мүчөсү жана парламенттин экс-депутаты. Калмаматов үстүбүздөгү жылы болуп өткөн президенттик шайлоого катышып, 0,5% добуш алган;

Бактыбек Калмаматов
Эсенгул Исаков

Эсенгул Исаков — Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына «Ар-Намыс» партиясы менен өткөн. Ал 2020-жылы конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон.