Депутат Никитенко: «Аялдарга көңүл кош мамилени мамлекет пропагандалап жатат»

Парламент депутаты Наталья Никитенко өзүнүн фейсбуктагы барагында гендердик квотаны азайтканы үчүн өкмөттү сынга алды. Никитенконун айтымында өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдөн улам кыздардын өлүмү менен аяктаган резонанстуу жанжалдардан кийин деле аялдарга карата зомбулук уланууда.

«Бирок баарынан дагы бул азыркы тапта мамлекеттик деңгээлде пропагандаланып жаткан аялдарга карата кош көңүл мамиленин жыйынтыгы. Аялдар квотасын азайтып, өкмөттүн курамына кирүү, мамлекеттик жогорку кызматтарга баруу укугунан ажыратып жаткандын натыйжасы», — деп жазды ал.

Ошондой эле Никитенко «экинчи Ооганстан болбой», тескерисинче аялдардын укуктары сыйланган, «пикирлер менен көз караштардын көп түрдүүлүгү бааланган» мамлекет болууга чакырды.

Өлкөнүн учурдагы министрлер кабинетинин курамында бир гана аял бар — ал Жаратылыш ресурстары министрлигин жетектеген Динара Кутманова. Ошондой эле, аралаш система менен өтө турган алдыдагы парламенттик шайлоодо бир мандаттуу тизмелер боюнча гендердик квота жок.

Дагы окуңуз: Гендердик квота: Партиялардын бийликке жетүү жолубу же аялдардын саясатка аралашуу мүмкүнчүлүгүбү?