Каржы министрлигинин эсебине «кустуруудан» накталай 5,5 млрд сом түштү. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Алмаз Бакетаев парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат комитети менен бюджет жана финансы комитетинин бириктирилген отурумунда айтты.
Жыйында депутат Мурадыл Мадеминов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин ведомство коррупция менен күрөшүүдө жемкорлукка күнөөлүү чиновниктерди 6-7 млрд сом төлөттүк деген билдирүүлөрүнө токтолду.
«Кустуруудан түшкөн акчалар бюджетке түштүбү? Эгер түшсө, кандай түрдө түштү? Эгер батир түрүндө болсо, кайсы органга? Элге отчет бериш керек да? Алар эмне болду?» — деп сурады депутат.
Бакетаев бул процесс 2020-жылы башталган жана бюджетке 5,5 млрд сом түшкөнүн билдирди. Анын айтымында казына 3 млрд 700 млн сом өткөн жылы, ал эми 2 млрд сомго жакын акча 2021-жылы келип түшкөн.
«Батир жана унаа түрүндө дагы келип түшкөн, ошолор менен [чогу] казынага 7-7,5 млрд сом түшкөн», — деди министр.
Чиновник эгер депутаттарга казынага канча акча түшкөнүн, канчасы батир же башка объект түрүндө экенин так билгиси келсе финансы министрлигине сурам жөнөтүүнү сунуштады.
Буга чейин президент Садыр Жапаров былтыркы жылдын октябрь айынан тарта коррупция менен күрөшүүнүн алкагында казынага 7,5 млрд сом түшкөнүн айткан болчу.
Коррупция менен күрөш
Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгына келгенден кийин ведомство коррупция менен айыгышкан күрөш жүргүзөрүн бир нече жолу айткан. Бирок, чуулгандуу кармоолор коррупцияга айыпталган чиновник мамлекетке келтирген зыяндын ордуна УКМК тарабынан белгиленген сумманы төгүп берип, үй камагына чыгуу менен аяктаган.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана депутат Кубанычбек Жумалиевдин кармалышы — аталган иштердин эң чуулгандуулары.
Ошол эле кезде бажыдагы коррупция иши боюнча Матраимов мамлекетке 2 млрд сом зыянды төлөп берген, андан соң сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомго айып салып эркиндикке коё берген.
12-апрелде УКМК Жумалиев мамлекетке 1 млрд сомдон ашык зыянды ордун толтуруп бергенин билдирген, «улгайып калганы жана саламаттыгы» эске алынып баш коргоо чарасы эч жакка кетпөө тууралуу тил катына өзгөртүлгөн.
Алгоритм боюнча, бул каражаттар алгач УКМКнын депозиттик эсебине түшөт, андан соң финансы министрлигине барып, ошол жерден чыгымдарга бөлүштүрүлөт. Мурдагы мыйзам боюнча УКМКнын 25%ды жеке керектөөлөрүнө жумшоого укугу бар болчу, бирок атайын кызмат бул ченем январь айында эле жокко чыгарылганын айтып жатат.
Жакында эле юрист Нурбек Токтакунов минфиндин жообуна таянып «кустуруудан» түшкөн каражаттар таптакыр эле республикалык бюджетке түшпөгөнүн, укук коргоо органдарынын депозиттик эсептеринде калып жатканын айтып чыккан.
УКМК бул маалыматты төгүндөп, белгиленген акча каражаттары, жазык иштери боюнча акыркы процессуалдык чечимдер кабыл алынгандан кийин, дароо жана толугу менен өлкөнүн бюджетине чегерилип, ал эми зыяндын ордун толтуруу үчүн шектүүлөр өткөрүп берген мүлк Мамлекеттик мүлк фондунун балансына алынарын айткан.
Ведомство чыгымдын ордун толтурууну прокуратура көзөмөлдөй турганын кошумчалаган.