Бишкекте балбан кыздарга машыгуу залын куруу үчүн жер тилкеси бөлүндү

Маданият министрлигинин алдындагы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине Бишкектен жалпы аянты 800 чарчы метрди тузгөн жер тилкеси бөлүнүп берилди. Эми бул балдан кыздар үчүн машыгуу залы курулат. Бул тууралуу 28-октябрда маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Күрөш боюнча кыздардын улуттук курама командасы, 2021-жыл, февраль. Сүрөт: «Кабар» 

Ведомствонун маалыматына ылайык, жер тилкеси «Ата-Түрк» паркынын жанындагы «Жаштык» спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү жана жаштар менен иштөө дирекциясынын аймагынан берилди.

«“Жаштык” дирекциясынын аймагына машыгуу залын куруу андагы бассейни бар спорт комплексинин болушу менен шартталган, демек спортчулардын машыгуусу толук кандуу болот», — деп кошумчалашты маданият министрлигинен.

Ошондой эле, ведомстводон мамкурулуш учурда долбоордун эскизин даярдай баштаганын маалымдашты. Эскиз толук бүтүп, бардык документтер бекитилгенден кийин залдын курулушу башталат.

«Долбоордун алгачкы сметалык баасы 43 млн сом. Залдын акыркы сметалык баасы сметалык эсептөөлөрдөн кийин белгилүү болот», — деп билдирди маданият министрилиги.

Балбан кыздарга залды Мамкурулуш курат. Кийин аны Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүп беришет.

Президенттин тапшырмасы

Кыргыз балбан кыздары Токиодо өткөн олимпиада оюндарында жана Осло шаарындагы Дүйнөлүк чемпионатта ийгилик жараткандан кийин өлкө бийлиги кыз-келиндер күрөшү үчүн өзүнчө машыгуу залын куруу жөнүндө ойлоно баштаган.

Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова медалдары менен. Сүрөт: Тыныбекованын Instagram баракчасы. 

23-октябрда минкаб президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкекте кыз-келиндер үчүн машыгуу залын курууга жер тилкеси бөлүнгөнүн кабарлаган. Алар спорттук залда «бардык зарыл шарттар камсыздалат» деп сөз беришкен.

«Министрлер кабинети жакынкы арада аталган объектинин курулушун баштап, ал өлкөбүздө спортту жайылтууга өбөлгө болуп, калк арасында сергек жашоо образына кызыгууну арттырып, ошондой эле жаштарда бул спорттун түрү менен кесипкөй машыгууга кызыгуусун жогорулатат», — деп белгилеген минкаб.

Кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков машыгуу залы 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына даярдык көрүүгө жардам берет деп үмүттөнөт.

«Өзүбүздүн спорттук зал жок туруп, биз мындай жыйынтыктарга жетиштик. Менин оюмча, эгер спорт зал курулса, биз бир жерде чогуу машыгып баштасак, ал жерге көп кыздар батат. Менин оюмча, келечекте улуттук кураманын [күрөш боюнча] саны дагы сапаты дагы артат», — деген балбан кыз Айсулуу Тыныбекова «Ала-Тоо 24» каналына курган маегинде.

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында кыргыз спортчулары Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова күмүш жана коло медаль утуп алышкан.

Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө чемпиондугу кыргыз спортчу кыздары үчүн жемиштүү болгон. Анда Тыныбекова менен Жуманазарова алтын медаль утуп, күрөш боюнча дүйнө чемпиону болушкан. Айсулуу Тыныбекова алтын медаль алып, дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон. Айпери Медет кызы коло медаль тагынган.