Коронавирустун 124 жаңы учуру катталып, үч адам каза болду

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 28-октябрга карата коронавирустун 124 жаңы учуру катталып, үч адам каза болду. Илдеттен 100 бейтап айыгып чыкты.

  • Бишкек шаары — 64;
  • Чүй облусу — 29;
  • Ысык-Көл облусу — 13;
  • Жалал-Абад облусу — 5;
  • Ош облусу — 4;
  • Талас облусу — 3;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ош шаары — 2;
  • Баткен облусу— 2.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 180 989га жетти. Ал эми өлкө боюнча 175 402 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2664 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 705 бейтап, ал эми үй шартында 699 адам дарыланып жатат.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 28-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 6319 адам, ал эми экинчи дозасын 5651 киши алды.


Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.