ИИМ: Орусияда иштеген кыргызстандыктар манжа тагын тапшырууга милдеттүү

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 29-октябрда Орусияга иштегени барган кыргызстандыктар 30 күн аралыгында манжа изин каттоодон өткөрүшү керек экенин кабарлады.

ИИМден түшүндүрүшкөндөй бул эреже 2021-жылдын 29-декабрында Орусиянын «Орусиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндөгү» жана «Орусиядагы мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндөгү» мыйзамдарына ылайык киргизилди.

Манжа издерин каттоодон тышкары кыргызстандыктар төмөнкү талаптарды аткарууга милдеттүү:

  • Орусияга барган 30 күн аралыгында баңгизат же дарыгердин көрсөтмөсү жок психотроптук каражаттарды колдонбойбу, жугуштуу жана ВИЧтен улам пайда болуучу оорулар бар же жок экенин аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүшү керек;
  • медициналык документтердин мөөнөтү аяктагандан кийин 30 күндүн аралыгында ИИМдин аймактык бөлүмүнө жаңыртылган медициналык документтерди көрсөтүп туруу керек.

Эгерде кыргызстандыктар бул талаптарды аткарбаса, алардын Орусиянын аймагында жүрүү мөөнөтү кыскарат.

«Мындай жарандарга карата аталган аймакка кирүүсү кубатталбайт же кирүүгө тыюу салынат деген чечими кабыл алынат», — деп билдиришти ИИМден.

Дагы окуңуз:

Мекенде жумуш жок. Пандемияда Борбор Азиялык мигранттардын турмушу кандай өзгөрдү?

Орусияга кирүү үчүн атайын колдонмо аркылуу коронавируска тест тапшыруу керек — элчилик