Манекендеги ак калпакты тепкен орусиялык блогер кечирим сурады

Теле алып баруучу Ассоль Молдокматова 28-октябрда Instagram барагында орусиялык футболист жана блогер Даниил Крапивников калпак илинген манекенди айланып тепкен видеосун жүктөдү.

«Кыргызстандын символикасына адепсиз мамиле кылган бул тарбиясыз ким?» — деп жазды Молдокматова.

Арадан бир нече саат өткөндөн кийин эле Крапивников Instagram барагында Кыргызстандын элинен кечирим сураган видеосун жүктөдү. Кайрылуусунда футболист аталган видеону жаздырууда жаман ою болбогонун айтты.

«Мен бул сиздердин улуттук баш кийимиңер экенин билген жокмун, ошондуктан ага маани берген эмесмин», — деди Крапивников.