MagicCity’деги кызга кол салуу: Тараптар элдешкендиктен кылмыш иши кыскартылды

Бишкектин Октябрь райондук соту 29-октябрда MagicCity балдар оюн-зоок борборунда иштеген кызга кол көтөргөн А.Алимбаевге каршы кылмыш ишин кыскартты.

Бишкек шаардык сотунун маалыматына ылайык, сот отурумунда эки тарап элдешкенине байланыштуу ишти токтотууну жабыр тарткан кыз суранган. Жыйынтыгында сот өтүнүчтү канааттандырган.

Эмне болду эле?

MagicCity балдар оюн-зоок борборунда иштеген кызга кол салган окуя августтун башында катталган. Анда социалдык тармактарда мас абалындагы иши борбордун кызматкерине кол салганы тартылган видео пайда болгон. Балдар оюн-зоок борборунун администратору Тимур Жунусовдун айтымында, кызга күч колдонгон кишиге кызматкер аны орус тилинде тейлегени жакпай калган.

MagicCity’нин кызматкерине кол салуу. Сүрөт: видео байкоо камерадан алынган скриншот

Тейлөөчү кызга кол салуу фактысы коомдо резонанс жараткан. Буга байланыштуу Орусиянын бир катар саясатчылары үн катып, Кыргызстан менен соода-экономикалык алаканы үзүүгө чакырышкан.

Эртеси күнү, 6-августта Бишкек ШИИББи милиция кол салган кишини таап, «Майда бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгогонун билдирген.

Соттук-медициналык экспертиза дагы дайындалган. Бирок жабырлануучу «ден соолугуна анчейин деле олуттуу зыян тийбегенин айтып медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тарткан». Анда соттук-лингвистикалык экспертиза дагы дайындаган болчу.

Кийин УКМК кызга кол салган адамга расмий эскертүү берген. УКМК Конституция боюнча орус тили өлкөдө толугу менен мыйзамдын негизинде аракетте экенин: кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили — расмий тил экенин белгилеген.

«Өңү-түсүнө, расасына, улутуна же карманган динине байланыштуу басмырлоо үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы каралган», — деп эскерткен улуттук комитет.

Тема боюнча: Орус тилде тейлеген кызга кол салуу: Орус жана кыргыз саясатчылары эмне деди?