Бишкекте жолдорду тазалоого 354 тонна туз чачылып, 657 кызматкер тартылды

4-ноябрдын таңы бишкектиктерди аппак кар, тайгак жолдор менен тосуп алды. Анткен менен «Тазалык» муниципалдык ишканасынан борбор калаанын тазалык кызматкерлери жолдорду тазалоого түндө эле кам көрө башташкан деп ишендиришти.

Мекеменин маалыматы боюнча саат түнкү 2ден тарта көчөлөргө техникалык туз себилип, таңга чейин 354 тонна туз чачылган. Ал эми күндүз шаар ичин кардан тазалоону 657 кызматкер уланткан.

«Азыркы учурда “Тазалык” жана “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканалары кар менен күрөшүүдө колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып жатышат», — деп билдиришти шаардык мэриядан.

Жолдорду кардан тазалоо. Сүрөт: Бишкек мэриясынын маалымат кызматы.

Бирок кар жаагандан улам шаарда коомдук транспорттун ишинде көйгөй жаралган. Таң эрте бишкектиктер троллейбус жана автобустардын жоктугуна даттанышкан.

«Шаарда адаттагыдай эле башаламандык. Транспорт жок, маршруткаларга киши батпайт, автобус менен троллейбустарды жер жутуп кеткендей. Жаңы сатылып алынган автобустар кайда? Борбордук көчөлөр, тротуарлар жана аялдамалар кардан тазаланган эмес», — деп нааразы болгон шаар тургундары.

Шаардык мэриядан райондук администрациялардын жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери борбордун ар кайсы аймактарында кырдаалга көз салуу үчүн өз аймактарын кыдырышууда деп айтышты.

Мындан тышкары, унаанын коопсуз жана тоскоолдуксуз кыймылын камсыздап берүү үчүн жол кесилиштеринде Бишкек ШИИБдин кызматкерлери иштеп жатканын кошумчалашты.

Кайгуул милициясынан саат 13.00гө карата кар жаагандан улам жол кырсыктары катталбаганын «Клоопко» билдиришти.