Сузакта мектеп окуучусунан коронавирус аныкталып, 31 киши карантинге алынды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 10-класстын окуучусу коронавирус жуктуруп алды. Аны менен байланышта болгон жалпы 31 киши карантинге алынды.

Өспүрүм Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин окуучусу. Анда илдет аныкталган соң 12 мугалим, окуучу менен байланышта болгон 14 адам, 5 үй-бүлө мүчөсү обочого алынган.

«Аны менен байланышта болгондор жана 10-класстын окуучулары онлайн окуп башташат. Анткени вирустун алдын алуу аракеттери жүрүүдө. Эгер мектеп алгоритмди сактабаса, балким жабууга туура келет», — деп билдиришти облустук администрациядан.

25-октябрга карата окуу жылы башталгандан бери 180 окуучуга коронавирус жукту. Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 181 миң 590го жетти. Анын ичинен 175 миң 953 бейтап айыгып, 2 679 киши каза болду.

Ал эми коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи дозасын калктын 15 пайызы, экинчисин 11,6 пайызы алды.

Учурда Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm жана Sinovac (CoronaVac), ошондой эле Орусиянын «Спутник V», Pfizer вакцинасы менен эмделсе болот. Ошондой эле өлкөгө гумжардам катары Казакстандын QazVac вакцинасы келген.

28-октябрда маданият тармагынын, эс алуу жайлардын, машыгуу залдарынын тейлөө кызматкерлери жугуштуу ооруларга, анын ичинде коронавируска каршы эмдөөгө милдеттендирилген. Вакцина алуудан баш тарткандарга административдик чара көрүлөөрү эскертилген.

Саламаттык сактоо министрлиги милдетүү түрдө эмделиши керек болгон адистердин тизмесин жарыялаган. Ага музей, көргөзмө зал, китепкана, спорт ордо, театр, концерттик зал, маданий жана оюн-зоок мекемелер, балдар оюн аянттары, балдар лагерлери, дене тарбия жана ден соолук чыңдоочу комплекстер менен фитнес-клубдардын кызматкерлери кирген.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму адамдарды өздөрүн жана жакындарын коргоо үчүн COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырат.

Тема боюнча: Вакцина алуу менен коронавирустун жайылышын кантип токтотсо болот? Түшүндүрөбүз