Мырзаназар уулу менен Акматалиев жаштар арасында Дүйнө чемпионатында финалга чыгышты

Эрназар Акматалиев. Сүрөт: UWW

Кыргызстандык спортчулар Бекболот Мырзаназар уулу менен Эрназар Акматалиев Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки жаштар арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында финалга чыгышты.

Бекболот Мырзаназар уулу эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмакта күч сынашып жатат. Алгач ал Гвинея-Бисаунун балбаны Диамантина Иуна Фафени менен беттешип, 10:0 эсебинде жеңип чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда Ахмад Масуд Мохаммаднежаджаванды 7:0 эсебинде уткан. Жарым финалда белорусиялык балбан Дмитрий Шамеланы 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, финалга чыкты.

Мырзаназар уулу финалда азербайжандык спортчу Алиаббас Рзазаде менен күч сынашат.

Ал эми 70 килограмм салмакта күрөшүп жаткан балбан Эрназар Акматалиев алгачкы беттеште грециялык Кристос Кристофоридисти 12:2 эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда ирандык балбан Алиакбар Алиаскар Фазлихалилинин менен кез келип 10:6 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алган. Ал жарым финалда азербайжандык Мурад Евлоевди 12:8 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.

Ал финалда армениялык спортчу Вазген Теванян менен беттешет. Финалдык беттештер 6-ноябрда Кыргызстан убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.

23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-ноябрда башталып, 7-ноябрга чейин уланат. Ага кыргыз спортчуларынан 65 килограмм салмакта күрөшкөн Айбек Токтогул уулу катышып, утулган. Ал эми алдыда 79 килограммдагы Мухаммед Абдулаев, 61 килограмм салмакта Нуртилек Карыпбаев күч сынашат.

Буга чейин кыздар арасында 76 килограмм салмакта клемге чыккан Айпери Медет кызы алтын байгени багындырып, Дүйнө чемпиону болгон.