Жаштар арасындагы Дүйнө чемпионаты: Бекболот Мырзаназар уулу күмүш медаль тагынды

Балбан Бекболот Мырзаназар уулу Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду.

Бекболот Мырзаназар уулу. 

Ал 6-ноябрдагы финалдык беттеште азербайжандык спортчу Алиаббас Рзазаде менен күч сынашып, кармаш 6:6 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Калыстар тобу азербайжандык спортчунун жасаган ыкмасына артыкчылык берип, жеңиш Мырзаназар уулунун атаандашына ыйгарылды.

Мырзаназар уулу турнирге 57 килограмм салмакта чыгып, төрт беттеш өткөрдү.

Ал алгач Гвинея-Бисаунун балбаны Диамантина Иуна Фафени менен беттешип, 10:0 эсебинде чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда Ахмад Масуд Мохаммаднежаджаванды 7:0 эсебинде уткан. Жарым финалдык беттеште белорусиялык балбан Дмитрий Шамеланы 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга өткөн.

Ушуну менен Кыргызстан 23 жашка чейинки жаштар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында экинчи байгеге ээ болду.

Буга чейин балбан Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакка чейинкилер арасында алтын байгеге ээ болгон.

23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-ноябрда башталып, 7-ноябрга чейин уланат. Ага кыргыз спортчуларынан 65 килограмм салмакта күрөшкөн Айбек Токтогул уулу катышып, утулган. Ал эми алдыда 79 килограм салмакта Мухаммед Абдулаев, 61 килограмм салмакта Нуртилек Карыпбаев күч сынашат.