Ноокат: Мамкызматкер «Ата-Журт Кыргызстандын» талапкеринин сүрөтүн соцтармактан бөлүштү

Скриншот: БШК

Ош облусунун Ноокат райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Мунасидин Аскаров Фейсбуктагы баракчасына «Ата-Журт Кыргызстандын» талапкери Саид Зулпуевдин үгүт сүрөтүн бөлүштү.

Аталган фактты УКМКнын Ноокат райондук башкармалыгы 3-ноябрда аныктап, Аскаровдун аракетинде үгүт белгилери бар экенин билдирген. Атайын кызмат буга юридикалык баа берүү үчүн материалды райондук прокуратурага жиберген.

Ошол эле күнү прокуратура материалды тийиштүүлүгү боюнча №5 Көк-Жар аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүп берген.

Аскаров өзү АШКга жазган түшүнүк катында «сүрөттү байкабастан бөлүшүп алып дароо өчүргөнүн, анын аракетинде үгүттөө жок деп эсептээрин» билдирген.

«Фейсбуктан Зулпуевдин талапкерлигин көрүп калып лайк басып алыптырмын. Бирок 15-20 мүнөт өтпөстөн дароо өчүрүп койгонмун [...] Мындан ары эч кандай үгүт иштерине аралашпайм деп убада берем», — деп жазган ал катта.

Ал эми АШКнын жумушчу тобу Аскаровдун аракетинде үгүт бар-жогун так кесе айткан жок. Алар анын аракетин райондук администрация карап чыгышы керек деген бүтүмгө келишти.

5-ноябрь күнү ушул эле партиянын талапкери, Оштун экс-мэри Таалайбек Сарыбашовго үгүттөгөн видео Ош мэриясынын фейсбуктагы расмий баракчасынан «Ош пресс-клуб» тайпасына бөлүшүлгөн.

Анда мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Керимбек Калыкулов мындан кабары жок экенин айтып, тасманы басма сөз кызматтын мурдагы жетекчиси, учурда Сарыбашовдун шайлоо шатында иштеп жаткан Азамат Абсаттаров бөлүшкөн деп божомолдогон.

Абсаттаров өзү «Клоопко» курган маегинде тасманы «техникалык катадан бөлүшүп алган болушум мүмкүн» деп билдирген. Ошондой эле буга мэриянын кызматкерлеринин тиешеси жок экенин айткан.

Анда Ош АШКсы факт иликтөөгө жиберилгенин, ага ылайык тийиштүү кишилер жазаланаарын убадалаган.

Ал эми мурдараак «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башчысы Кудрет Тайчабаров Фейсбук аккаунтунда бир тууганы, «Ынтымак» партиясынын талапкери Адинай Марипованы «парламенттен көрүүнү каалаганын билдирип» ыр түрүндө пост жазган.

БШК муну админресурс катары баалап, чара көрүү үчүн материалдарды президенттин администрациясына жиберген.

Тема боюнча: Ош мэриясынын расмий баракчасынан Сарыбашовдун үгүт видеосу бөлүшүлдү