«Эки күн электр жарыгы жок болгон». Кычкылтекке туташкан бала реанимацияга түштү

Кыргызстандагы Биринчи балдар хосписинин директору Ольга Труханова 7-ноябрда үйдө электр жарыгы өчүрүлгөндүктөн бир жашар кыз жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн фейсбукка жазды. Наристе кычкылтек концентраторуна туташтырылган болчу.

Труханова 24.kg басылмасына маек куруп, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн кыздын үй-бүлөсү Ош облусуна караштуу Кара-Таш айылынын тургундары экенин айтып берген. Анын айтымында, аталган айылда такай жарык өчүрүлүп турат.

«Эки күндөн ашык электр жарыгы болгон эмес, ал эми кичинекей кыздын сатурациясы түшүп кеткен учурда дароо кычкылтек концентраторуна туташтыруу керек. Ошондой эле, дайыма какырыгын санитардык тазалоо керектелет», — деп нааразы болгон ал.

Анын айтымында, өлкөдө электр жарыгынын өчүшү менен «жашоо дагы токтойт».

«Айрымдардын “электр жары үзгүлтүксүз берилет” дегени адамдардын өмүрүнө тете болуп жатканын кимдир бирөө ойлонобу? Былтыр оорукананын жарыгын өчүрүп коюшуп, кычкылтек концентраторуна туташкан адам көз жумган болчу», — деп эскерген Труханова.

Ошондой эле, ал Кыргызстанда «аппараттын жардамы менен жашаган», электр жарыгына муктаж башка дагы балдар бар экенин кошумчалаган.

«Жарык өчкөндө аппараттан көз каранды адамдар кандай азапты башынан өткөрүп жатканын жакындарынан башка эч ким элестете албаса керек. Коркунуч. Алсыздык. Жек көрүү. […] Эгерде биздин өлкөдө электр энергиясы тартыш болуп жатса, жарыкты өчүрүүдөн мурда мындай үй-бүлөлөрдү генератор менен камсыз кылып, жок дегенде өчүрүүлөр тууралуу алдын ала эскертип кою керектир», — деди билдирген ал.

Аны менен катар, Труханова электр жарыгынан көз каранды үй-бүлөлөрдүн байланышуу жолдорун чогултуп жатканын кошумчалады. Бул генератор сатып алуу жана өчүрүү тууралуу эскертүү үчүн керек.

Кийин ал жандандыруу бөлүмүндөгү наристенин абалы жакшырганын, кыздын апасы медициналык камсыздоо жакшы делген Орусияга алып кетүүнү пландап жатканын кабарлады.

Электр энергиясына чектөө

«Түндүк электрдин» абоненттеринин эсептегичтерине электрэнергиясын колдонуу кубаттуулугуна чектөө киргизгени 7-ноябрда белгилүү болгон. Компаниядан чектөө «суу-энергетикалык ресурстарды сарамжал пайдалануу жана керектөөнүн белгиленген чегин сактоо максатында» киргизилгенин түшүндүрүшкөн.

Бир фазалуу абоненттер үчүн 5 киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизилген. Чектөө канчага созулары белгисиз.

Буга карабай, 2021-жылдын июнь айында энергетика министри Бекмурзаев Кыргызстанда энергетикалык кризис жок экенин айткан. Мындан сырткары, президент Садыр Жапаров «электр энегриясын колдонууга чектөө киргизилбесин, калк үчүн электр энергиясына болгон тарифтер жогорулабасын» деген тапшырма берген.

Бир фазалуу абоненттер үчүн 5 киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизилди. Чектөө канчага созулары белгисиз.

Буга карабай, 2021-жылдын июнь айында энергетика министри Бекмурзаев Кыргызстанда энергетикалык кризис жок экенин айткан. Мындан сырткары, президент Садыр Жапаров «электр энегриясын колдонууга чектөө киргизилбесин, калк үчүн электр энергиясына болгон тарифтер жогорулабасын» деген тапшырма берген.

Кийин чектөө киргизүүнү депутат Наталья Никитенко сынга алган. Депутат фейсбук барагына өкмөт «бюрократиялык аппаратты» жоюп, ортомчуларды жок кылып, үнөмдөөнү өзүнөн баштоосу керек деп айткан.


«ЖЭБдин айланасындагы шылуундукту токтоткула, биринчи өз элибизди, андан соң гана кошуналарыбызды ойлобойлубу? Элди алдаганды токтотолу, чынчыл адистерге иштөөгө мүмкүнчүлүк берели» , — деп жазган ал.