БШК «Бүтүн Кыргызстандын» эки арызын жарым-жартылай канааттандырды

Адахан Мадумаров

Борбордук шайлоо комиссиясы 9-ноябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү Артур Бакировдун эки арызын карап чыкты. Бакиров «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкери Арсланбек Эгембердиев жана «Багыт» партиясынын тарапташы, блогер Бекзат Мырзаковдун (Өмүрбеков) үстүнөн даттанган.

«Бүтүн Кыргызстандын» өкүлү аталган кишилер партиянын лидери Адахан Мадумаровдун «кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды тараткан» деп билдирип, эки партияга жазуу түрүндө эскертүү берүүнү өтүнгөн. БШК бул өтүнүчтү жарым-жартылай канааттандырды.

Арсланбек Эгембердиев

«Ата-Журт Кыргызстандын» талапкери Арсланбек Эгембердиев 5-ноябрда Жалал-Абаддагы үгүт иш-чарасында «Мадумаровду шайлаймын деп анын артындагы ууруларды алып келесиңер» деген.

Ал эми БШК «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлери соттуулугу жоктугун белгилеп, мындан улам Эгембердиевдин сөздөрү «чындыкка дал келбейт» деп аныктады. Бирок «Ата-Журт Кыргызстандын» талапкеринин билдирүүсү ЖМКларда эмес, Кылыч Шанаев аттуу фейсбук колдонуучунун баракчасында гана жарыяланганына байланыштуу Боршайком Эгембердиевге эскертүү берүүдөн жана айып салуудан баш тартты.

Ошол эле учурда БШК Эгембердиев шайлоого катышкан партиялардын ортосундагы «өз ара түшүнүшүү» меморандумун бузганын билдирди. Мындан улам комиссия «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына Арсланбек Эгембердиев менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн кабарлама жиберди.

Бекзат Мырзаков (Өмүрбеков)

БШК «Багыт» партиясынын үстүнөн түшкөн арыз боюнча да ушундай чечим кабыл алды. «Багыт» партиясы 3-ноябрда Бишкекте шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп, анда блогер Бекзат Өмүрбеков «Мадумаров жерлерди сатып жиберген» деп билдирген.

Териштирүү маалында блогердин чыныгы фамилиясы Мырзаков болгону, ал «Багыт» партиясынан талапкер болбогону аныкталган. Ошондой эле БШК Мадумаров буга чейин «жерлерди мыйзамсыз сатуу» боюнча соттолбогонун белгилеп, блогердин сөздөрү «чындыкка дал келбейт» деген жыйынтыкка келди.

Боршайком Мырзаков «Багыттын» мүчөсү болбогондуктан аны жоопкерчиликке тартуу үчүн материалдарды ИИМге жиберди. Ага «Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу» беренеси менен айып тагылышы мүмкүн.

Ал эми Мырзаков жалган билдирүүлөрдү «“Багыт” партиясынын аракетсиздигинен улам жасаганы» айтылып партияга кабарлама берилди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Мадумаровдун баркына шек келтирген». «Бүтүн Кыргызстан» эки партиянын үстүнөн БШКга арызданды