«Мадумаровдун баркына шек келтирген». «Бүтүн Кыргызстан» эки партиянын үстүнөн БШКга арызданды

Адахан Мадумаров

«Бүтүн Кыргызстандын» өкүлү Артур Бакиров «Ата-Журт Кыргызстан» жана «Багыт» партияларынын үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Арыз берүүчү аталган партиялар шайлоочулар менен жолугушууда саясатчы Адахан Мадумаров тууралуу «жалган маалымат тараткан» деп билдирип, партияларга жазуу түрүндө эскертүү берүүнү өтүндү.

«Ата-Журт Кыргызстандын» үстүнөн жазылган арыз

Партиянын өкүлү арызда «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкери Арсланбек Эгембердиев Жалал-Абаддагы үгүт иш-чарасында «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаровдун «кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратканын» билдирген. Ошондой эле Бакиров талапкер Эгембердиев элди «Бүтүн Кыргызстанга» «добуш бербөөгө чакырган» деп нааразы болгон.

5-ноябрда соцтармактарда №16 Ноокен шайлоо округунун талапкери Бактыбек Сыдыковдун шайлоочулар менен жолугушуусунан видео тараган. Анда «Ата-Журт Кыргызстандын» талапкери Эгембердиев «Мадумаровду шайлаймын деп анын артындагы ууруларды алып келесиңер» деген.

«Ичиңерден “биз тазасын тандадык, биз мыктысын тандадык, биз элге күйө турган инсанды тандадык” деп ойлосуңар. Бирок анын артындагы чапанын жамынып келе жаткан ууруларды киргизип жатканыңарды билбейсиңер. Мен суранып кетемин, Мадумаровго каршылыгым жок, бирок ушул шайлоодо бизди шайлап койгулачы», — деген Эгембердиев.

*Бактыбек Сыдыков 2007-2010-жылдары президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда «Манас» аэропортун жетектеген. Ал 2015-жылы «Республика – Ата Журт» фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына депутат болуп келген. Ал эми 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин Сыдыков кайрадан «Манасты» жетектемей болгон, бирок көп өтпөй ал кызматтан алынган.

«Багыт» партиясынын үстүнөн жазылган арыз

Ал эми «Бүтүн Кыргызстандын» «Багыт» партиясынын үстүнөн даттануусуна блогер Бекзат Өмүрбековдун 3-ноябрда Бишкекте шайлоочулар менен жолугушуусу себеп болгон.

Өмүрбеков «Багыт» партиясынын талапкерлер тизмесинде жок. Ал үгүт иш-чарасында «Мадумаров жерлерди сатып жибергенин» билдирген.

«Мен өзүм Таластын тургуну катары [айтайын]: Талас облусунда Көк-Сай айылында жана Маймактагы жерлерди кайын журту казактарга берип жибергени калппы? Мен ошолорду айтып койгонум үчүн, ууруларга каршы чыкканым үчүн мени Садыр Жапаровдун жалданма адамы деп айтат. Эч убакытта жалданма адам жүрөктөн жүрөккө жеткирип сүйлөбөйт», — деген Өмүрбеков.

Өмүрбеков соцтармактарда президент Садыр Жапаровду колдоп, ал эми саясатчы Адахан Мадумаровду сындап келет.

Мындан сырткары, Өмүрбековдун баракчасында ИИМдин башчысынын экс-орун басары Курсан Асанов жана «Толубай» коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин ортосундагы сүйлөшүү жарыяланган. «Курсан Асанов, Жанар Акаев жана башкалар бийликти басып алабыз деп сүйлөшкөнүнөн кыскача үзүндү» аталыштагы аудиожазуу «Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү» беренеси менен кылмыш иши козголушуна негиз болгон.

Көз карандысыз экспертиза бул аудио жазуу монтаждалганын аныктаган, бирок ИИМ муну тануудан баш тарткан. Учурда Асанов жана Сарыбаев тергөө изоляторунда кармалууда.

Казакстан менен алмашылган жерлер

2008-жылы Жогорку Кеңеш кыргыз-казак чек арасын аныктоочу документти ратификациялаган. Анда Мадумаров парламенттин спикери болгон.

Документке ылайык, Ысык-Көлдөгү Түп районундагы Каркыра жайлоосунун 625 га Казакстанга, 1 136,5 га Кыргызстанга өткөрүлгөн. Бирок айрым депуттар казак тарапка жайыт жерлер жана гранит кени өтүп кеткенине нааразы болушкан.

Ошондой эле, Казакстанга Талас облусундагы Кара-Буура районуна караштуу Маймак айылынын 12 гектар жер тилкеси өткөрүлгөн. Анын ордуна кыргыз тарапка Чүй облусундагы Чалдовар айылынын аймагына чектеш 59 гектар жер берилген.

Ал эми Таластагы Көк-Сай айылынын 2 600 га жери 2012-жылы казак тарап менен алмашылган. Анткен менен Көк-Сайдын тургундары буга нааразы болушкан. Алардын айтымында, айылдын сугат жерлери Казакстандын 2 600 га кайракы жер тилкесине алмашылган.