COVID-19. Садыр Жапаров кезектеги жолу эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров фейсбук барагы аркылуу кыргызстандыктарды коронавируска каршы вакцина алууга чакырды.

«Бүгүн 46 адамдан COVID-19 аныкталды, үчөө каза болду. Баары эмдөөдөн өтпөгөндөр экен. Вакцина алыңыздар», — деп жазды Жапаров.

Ошондой эле, ал бүгүнкү күндө 1 миллион 16 миң жаран эмдөөнүн биринчи дозасын алгандан кийин өлкөдө COVID-19 жуктуруу басаңдап калганын мисал келтирди.

Жапаров жарандарды эмдөөдөн өтүүгө бир канча жолу чакырган. Үстүбүздөгү жылдын июль айында, өлкө башчысы өзү коронавируска каршы эмдөө алгандан кийин биринчи билдирүүсүн жарыялаган.

Эмдөөнүн темпи

Кыргызстандын калкын жапырт эмдөө кампаниясы 2021-жылдын мартында эле башталган. Бирок активдүү фаза Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясы өлкөгө келгенден тартып, июль айында гана башталган.

Буга карабай, өлкөдө эмдөө темпи бийлик күткөндөй жогору эмес. Өлкө жетекчилиги COVID-19га каршы эмдөө боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 млн элди эмдөөдөн өткөргүсү келет.

«Коллективдик иммунитет пайда болуш үчүн максаттуу топко киргизилген 70% кем эмес жарандарды вакцинациялоо зарыл, ал 2,4 млн адамды түзөт», — деп билдиришкен 5-августта Республикалык штабдан.

Бийлик ар кайсы жолдор менен эмдөөнүн темпин жогорулатууга аракет кылууда. Мисалы, медицина кызматкерлерин, мугалимдерди жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирген.

Кийин, октябрдын аягында бийликтегилер маданият тармагынын, эс алуу жайларынын, машыгуу залдарынын тейлөө кызматкерлерин жугуштуу ооруларга, анын ичинде коронавируска каршы эмдөө алууга милдеттендирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин 10-ноябрга карата маалыматына ылайык, Кыргызстанда эмдөө башталгандан тартып, вакцинанын биринчи дозасын 1 миллиондон ашык адам алды. Ал эми толук дозасын 791 миң киши алды.

Учурда Кыргызстанда коронавируска каршы бир канча вакцина жеткиликтүү:

  • AstraZeneca;
  • Sinopharm;
  • QazVac;
  • Pfizer;
  • Sputnik V.