Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов шайлоого катышуудан баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы 9-ноябрда Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мунарбек Сайпидиновду «Азаттык» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгарды.

Боршайкомдун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Сайпидинов өз арызынын негизинде шайлоого катышуудан баш тартты.

Мунарбек Сайпидинов деген ким?

Мунарбек Сайпидинов 2016-жылы Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчылыгына дайындалган. Үстүбүздөгү жылдын 12-январында УКМК Сайпидиновду «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектеп кармаган.

Атайын кызматтын маалыматына таянсак, ал «айрым жооптуу кызмат адамдары менен биргеликте Кара-Суу районуна караштуу Савай айылындагы мектептин спорт залы сапатсыз курулганына карабастан пайдаланууга берген жана аны курууда жумуштун көлөмүн 1 млн сомго ашык көрсөткөн».

Савайдын экс-башчысы кармалгандан кийин мамлекетке 1 млн сомдон ашуун каражат төлөп, үй камагына чыккан. Ал арада кызматынан да четтетилген.

Ал эми 21-июлда Ош шаардык сотунун чечими менен Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мунарбек Сайпидиновдун иши «мөөнөтү өтүп кеткенине» байланыштуу кыскартылган.

«Азаттык» партиясы, Сайпидинов жана Райымбек Матраимов

«Азаттык» партиясынын ушул эле аталыштагы басылма менен эч кандай байланышы жок.

Мунарбек Сайпидинов — бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы. Савайдын жетекчиси болуп турганда Сайпидинов иш бөлмөсүнө өкүл атасы Райымбек Матраимовдун сүрөтүн илип алганы менен коомчулуктун эсинде калган.

Ал эми Райымбек Матраимов «Кылмыштуу кирешелерди адалдоого» шектелип УКМК тарабынан кармалгандан кийин Сайпидинов бир катар депутаттар жана Матраимовдун жакындары менен биргеликте Ош шаарынын борбордук аянтында митинг уюштурушкан. Алар экс-бажычынын бошотулушун талап кылган.

«Азаттык» саясий партиясынын парламенттик шайлоого аттанган талапкерлеринин сап башында Матраимовдордун тарапташы Ахматбек Келдибеков бар.

Келдибеков өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Матраимовдордун кланы менен байланышы бар делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан. Мындан сырткары, бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов Келдибековдун уулунун «өкүл атасы».

Мындан сыркары, «Азаттыктын» талапкерлеринин арасында экс-депутаттар Бактыбек Калмаматов, Жылдызкан Жолдошева, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, легендарлуу парламенттин экс-спикери Медеткан Шеримкулова жана экс-элчи Ибрагим Жунусов, 2011-2015-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон Ишенбай Кадырбеков, «Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун» директору жана «Нур» партиясынын негиздөөчүсү Мыктыбек Арстанбек дагы бар.

Тема боюнча:

«Азаттык» жана «Альянс» «мөөнөтүнөн мурда үгүт жасоо фактысына» текшерилет

Ош ШИИБ: «Азаттыктын» үгүт иш-чарасына жашы жете элек студенттер катышканы аныкталды