Кара-Суунун Савай жана Сарай айыл өкмөтүнүн башчылары иштен убактылуу четтетилди

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов жана Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов жана Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев тергөө аяктаганга чейин кызматтарынан алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 16-январда билдирди.

Сайпидинов «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип 12-январда кармалган болчу. УКМКнын басма сөз кызматы «Сайпидинов айрым жооптуу адамдар менен биргеликте Савай айылындагы мектептин спортзалы сапатсыз курулганына карабай пайдаланууга берген жана аны курууда жумуштун көлөмү 1 млн сомдон ашык көрсөтүлгөн» деп билдирген.

Мындан сырткары, Сайпидинов Ош шаарынын жана облусунун аймагында кылмыш жасоо максатында уюшкан кылмыштуу топту түзүү фактысы боюнча күбө катары өтүүдө.

Ушундай эле айып менен Турганбаев 6-январда кармалган. Айыл өкмөт башчы Киров айылындагы 720 окуучуга ылайыкталган орто мектептин курулушунда жалпы суммасы 24 миллион сомдон ашык суммага аткарылган жумуштун көлөмүн ашыкча көрсөткөн. Ошондой эле, ал жеке жооптуу адамдар менен биргеликте сапатсыз курулган мектепти пайдаланууга берген.

Сайпидинов Ош шаардык сотунун чечими менен 13-январда эки айга үй камагына чыгарылган. Ага Савай айылындагы жашаган үйүнөн сырткары чыгууга тыюу салынган жана тергөөчүнүн биринчи чакыруусу менен келүүгө милдеттендирилген. Ошондой эле, Сайпидинов мамлекеттик казынага келтирилген 1 млн 33 миң 700 сомдук материалдык зыянды толугу менен төлөп бергендиги айтылган.

Ал эми Тургунбаев 6-мартка чейин үй камагында болот.

Парламенттик шайлоодон кийинки төңкөрүлүштөн кийин УКМК Сайпидиновдун жана Тургунбаевдин иш бөлмөлөрүндө тинтүү жүргүзгөн. Көп өтпөй Сайпидинов комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайырылып, ага карата «саясий куугунтук» болуп жатканын билдирген.

Ал эми Ташиев Сайпидиновду кабыл алгандан кийин, УКМК «саясий жана башка мотивдер боюнча куугунтуктоо менен алектенбей» турганын билдирген. Анын эртеси күнү Савай айылынын депутаттары Сайпидинов аларды коркутуп, басым жасаганына даттанышкан. Алардын айтымында, Сайпидинов айылдагы курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен мыйзамсыз акча бөлдүрүп жүргөн. Айыл өкмөт башчы бул айыптарды четке каккан.

Тема боюнча:

«Мени бышырып жеңиз». Сарай айыл өкмөт башчысы Ташиевге кайрылды

Кара-Суунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы үй камагына чыгарылды

Матраимовдун өкүл баласы 1 млн сомдон ашуун зыянды төлөп үй камагына чыкты