Матраимовдун өкүл баласы 1 млн сомдон ашуун зыянды төлөп үй камагына чыкты

Сүрөт: Марат Акимбек уулу 

Ош шаардык соту 13-январда Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун баш коргоо чарасын карап, аны эки айга үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Сайпидиновго Савай айылындагы жашаган үйүнөн сырткары чыгууга тыюу салынды жана тергөөчүнүн биринчи чакыруусу менен келүүгө милдеттендирилди.

«Токтом кабыл алууда шектүүнүн туруктуу жашаган жери такталып, келтирилген 1 млн 33 миң 700 сомдук материалдык зыян толугу менен төлөнгөнү жана үй-бүлөлүк абалы эске алынды. Шектүүгө коюлган чектөөлөрдүн аткарылышын Ош ШИИБинин башчысына жүктөлсүн», — деп маалымдады ведомство.

Сайпидиновдун жактоочусу Динара Турдумаматова «Азаттык» басылмасына анын кардары коюлуп жаткан айыптарды четке каккандыгын билдирген. Ошондой эле, Турдумаматова дагы эки ай тергөө жүрөрүн белгилеген.

Сайпидинов «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип мындан эки күн мурун кармалган болчу. УКМКнын басма сөз кызматы «Сайпидинов айрым жооптуу адамдар менен биргеликте Савай айылындагы мектептин спортзалы сапатсыз курулганына карабай пайдаланууга берген жана аны курууда жумуштун көлөмү 1 млн сомдон ашык көрсөтүлгөн» деп билдирген.

Мындан сырткары, Сайпидинов Ош шаарынын жана облусунун аймагында кылмыш жасоо максатында уюшкан кылмыштуу топту түзүү фактысы боюнча күбө катары суралган.

Мунарбек Сайпидинов

Буга чейин Савай айылдык кеңешинин бир нече депутаты Сайпидинов жоопко тартылышын талап кылышкан. Алар Сайпидинов аймакка караштуу жерлердин сатылышына жол берип, бюджеттеги каражатты мыйзамсыз бөлдүрүп алган деп айыпташкан. Бирок Сайпидинов айыптоолорду четке каккан.

Мунарбек Сайпидинов — бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл уулу. Ал Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөт башчылыгына 2016-жылы дайындалган.

Сайпидинов иш бөлмөсүнө өкүл атасынын сүрөтүн илип алгандыгы менен коомчулуктун эсинде калган. Мындан сырткары соцтармактын колдонуучулары Сайпидиновдун Дубайдагы эс алуусу учурунда тартылган видеолорду бөлүшүп, кызуу талкууга алышкан.

Интернет колдонуучулар айыл өкмөт башчы видеодогу кылык-жоругу менен мамлекеттик кызматкердин этикасын сактаган эмес деп эсептешкен.

Ошондой эле, Сайпидиновдун бул кадамы боюнча өкмөт аппараты тарабынан түзүлгөн атайын комиссия кызмат этикасына дал келбегендигине байланыштуу атайын эскертүү берген.

Матраимовдун иши

Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

УКМКнын кызматкерлери Матраимовду 20-октябрда кармашкан. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Мурдараак УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомдук зыянды толугу менен төлөп бергенин билдирген. Бул сумманын көбүн, тагыраагы 1,4 млрд сомду Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине которгон, калганын соода борбору жана 9 батир түрүндө берген.

Матраимовдун иши боюнча тергөө аяктай элек — УКМК анын бажы башчысынын орун басарлык кызматанан бошотулгандан кийин бажы тармагындагы коррупцияга тиешеси бар-жогун карап жатат. Тергөөчүлөр анын Орусия, Кытай, Казакстан жана Өзбекстан — эл аралык аткезчилик менен болгон байланышын териштирмекчи.

Тема боюнча:

Кара-Суу: Савай айылынын депутаттары Сайпидиновдун үстүнөн даттанышты

УКМК Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновду кармады