БУУ балдарды күч колдонуп жазалоого тыюу салууну сунуштады

10-ноябрда БУУнун кыйноолорго каршы комитетинин Женевадагы жыйынында Кыргызстандагы балдарга карата зомбулук маселеси көтөрүлдү. Бириккен улуттар уюму балдардын көбү зомбулукка жана мазактоого кабылып жатканына тынчсызданды.

Зомбулуктан жабыркаган балдар үй-бүлөсүндө жана балдар үйлөрүндө камкордукка алынбаганы айтылды — мисалы, интернаттарда. 2019-2020-жылдары балдар үйлөрү менен интернаттарда жүргүзүлгөн мониторинг балдарга аёосуз мамиле кылуунун алдын алуу системасы натыйжа бербей жатканын аныктаган.

Мындай балдар зомбулук көрүп жатканын айтып арыздана албайт, ал тургай аларды урганга, күч колдонуп жазалоого болбосун дагы билишпейт. Алардын мобилдик телефондору жок, болгону интернаттын администрациясындагы телефонду колдонушат. Демек, алар балдар үчүн тынымсыз байланыш номерине чалып, зомбулук тууралуу айтып бере алышпайт.

Балдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн Комитет мамлекетке үй-бүлөдө, балдар үйлөрүндө, балдарга камкордук көргөн альтернативдүү жайларда (фостердик үй-бүлөлөр) же балким аларга кам көрүп жаткан туугандарына жашы жете элек балдарды күч колдонуп жазалоого түздөн-түз тыюу салууну сунуштады.

Мындан сырткары, БУУ Кыргызстан балдардын укуктары боюнча элдин билимин жогорулатуу чараларын көрүүсү керек деп эсептейт.