Маданият министрлиги: Фейктер жөнүндө мыйзамдын жобосу даяр, бирок кабыл алына элек

Президент Садыр Жапаров жайында кол койгон «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзамдын ишин камсыздаган жобо даяр болду.

Маданият министрлигине караштуу Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы башчысы Салкын Сарногоеванын айтымында, мыйзам иштеп башташы үчүн «мыйзам актысы» гана керек. Мындай документ бар, бирок чындыгында аны иштеп чыгууга медиакоомчулуктан кимдир бирөө катышканбы-жокпу белгисиз.

«Жобо иштелип чыкты, бирок кабыл алына элек. Мен жобонун долбоорун көргөм, анда баары так жана түшүнүктүү. Бул ЖМК өкүлдөрүнө жана ЖМКлардын өзүнө таасирин тийгизеби деп, албетте, биз дагы коркуп турабыз. Бирок мыйзамда колдонуучу деп так жазылган, ошондуктан мыйзам ЖМКнын ишмердүүлүгүн кандайдыр бир жол менен чектебейт деп үмүт кылабыз», — деп түшүндүрдү ал жыл сайын өтүүчү медиаконференцияда.

Бирок маалыматтын анык экенин кайсы ыйгарым укуктуу орган текшерип, аныктап чыгарын айткан жок. Чуулу мыйзам долбоорунун биринчи версиясында ал орган маданият министрлиги болору айтылган. Бирок министрлик ресурсу чектелүү экенин билдирген. Ал эми учурда Жапаров кол койгон редакцияга ылайык, бул минкаб аныктай турган кайсы бир «ыйгарым укуктуу орган».

Бул эмне болгон мыйзам, ал кандай кабыл алынган, ал ЖМКлардын ишине жана өлкөдөгү сөз эркиндигине кандай таасир эте турганын төмөнкү шилтемелерден окуңуз:

Президент фейктер жөнүндө чуулгандуу мыйзамга кол койду

Парламент бейөкмөт уюмдардын ишин чектеген мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» чуулгандуу мыйзам долбоору кайрадан талкууланат

Жээнбеков «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзамды толуктоо үчүн артка кайтарды

«Медиа Полиси Институту»: Фейктер жөнүндө мыйзам долбоору мыйзамсыз кабыл алынды

Депутаттар фейктер боюнча чуулгандуу мыйзам долбоорун кабыл алды