«Дордой Плаза» соода борборунун унаа токтотуучу жайында аялга кол салган жаран 10-ноябрда кармалды. Бул тууралуу «Клооптун» журналисттине Свердлов РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2021/11/photo_2021-11-10_22-27-44-1.jpg)
Ведомствонун маалыматы боюнча, ал 1993-жылы туулган жаран. Ал Бишкектин ШИИБнин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Иш боюнча тергөө уланууда.
Окуя 8-ноябрь күнү болгон. Анда ЖМКлар болжолдуу саат 13:50дө Бишкектин унаа токтотуучу жайларынын биринде эркек киши аялды ур-токмокко алганын билдиришкен. Андан сон милиция «Бейбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндурүш баштаган.
ТЕМА БОЮНЧА: