Акыркы суткада коронавирустун 107 жаңы учуру катталып, эки адам каза болду

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 12-ноябрга карата коронавирустун 107 жаңы учуру катталды, эки бейтап каза болду. Ал эми илдеттен 105 адам айыкты.

  • Бишкек шаарында — 64;
  • Чүй облусунда — 20;
  • Ысык-Көл облусунда — 10;
  • Жалал-Абад облусунда — 5;
  • Баткен облусунда — 5;
  • Талас облусунда — 2;
  • Ош шаарында — 1;

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 182 197ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 176 615 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2699 адам көз жумду.

Учурда 557 бейтап ооруканада, ал эми 792 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 12-ноябрга карата 13 319 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 5 967 адам биринчи дозасын, ал эми 7 352 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.