Ноокат: Бакытбек Марипов мечитте үгүт жүргүзгөнү боюнча милиция териштирүү баштады

Бакытбек Марипов

Ош облусунун Ноокат райондук ички иштер башкармалыгы депутаттыкка талапкер Бакытбек Мариповдун мечитте үгүт жүргүзгөнү боюнча териштирүү баштады. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Нурпери Абдуллаева билдирди.

Социалдык тармактарда Жамалдин Парманкулов аттуу фейсбук колдонуучусу талапкер Марипов 11-ноябрда Чапаев айылындагы «Мулла Абдукахор» мечитинде үгүт жүргүзгөн деген тасманы жарыялаган. Иш-чарага талапкердин бир тууганы, экс-премьер-министр Улукбек Марипов да катышканы кабарланган.

«“Мени президент Садыр Жапаров Сауд Арабияга элчи кылганы жатат, мен буюрса силердин ажыга барышыңарга көп жеңилдик жасап берем, жардам берем” деп, элдин башын айлантып, басым менен агитация жүргүзүп жатышыптыр!» — деп жазган Парманкулов.

*Шайлоо жөнүндө мыйзамдын 28-беренесинде «ибадат кылуу имараттарынан 100 метр аралыктан жакын жерлерде үгүт иш-чара жүргүзүүгө» тыюу салынган.

Мындан сырткары, соцтүйүн колдонуучусу Мариповдордун атасы, Ноокат аймактык оорукананын башкы дарыгери Асамидин Мариповду «административдик ресурсту колдонууга» айыптады. Анын айтымында, оорукананын жетекчиси медкызматкерлерден «10 добуштан алып келүүсүн» талап кылууда.

Ал эми Асамидин Марипов «Азаттыкка» курган маегинде айыптоолорду четке кагып, муну «каралоо» деп атады.

Бакытбек Марипов мурда бир нече жыл өзү туулган Кыргыз-Ата айыл аймагын башкарып, 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин Ноокат районунун акими болуп дайындалган. Бирок агасы Улукбек Марипов премьер-министрлик кызматка келгенден кийин үстүбүздөгү жылдын февраль айында кызматынан кеткен.