«Азаттык» партиясы Ыдырыс Исаковдун үстүнөн БШКга арызданды

Ошто студенттерди үгүт иш-чарасына мажбурлап алып келүү боюнча видеого байланыштуу «Азаттык» саясий партиясы журналист Ыдырыс Исаковдун үстүнөн БШКга арызданды. Партиянын өкүлдөрү видеодогу маалымат чындыкка дал келбейт жана саясий уюмдун ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирет деп билдиришти.

«Азаттык» партиясы БШКга эркин журналист Исаковду YouTube каналына төгүндөө материалын акысыз жарыялоого милдеттендирип, «Талапкер тууралуу атайылап жалган маалымат таратуу» жана «Талапкердин ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкер беделин жаманатты кылган маалыматтарды таратуу» беренеси боюнча жоопко тартууну талап кылган.

Эмне болгон репортаж?

Буга чейин Исаковдун YouTube-каналына жарыяланган видео репортажда ОшМУнун жана ОшТУнун студенттери окутуучулар жана факультет деканы аларды үгүт иш-чарасына алып келгенин айтып беришкен. Ошол күнү, 3-ноябрда «Азаттык» партиясы аянтта үгүт иш-чарасын өткөргөн. Ага жүздөн ашык киши катышкан.

Милиция бул окуя боюнча «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган, студенттер жана мугалимдер суракка алынган. ОшМУнун эки окутуучусуна сөгүш жарыяланып, Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканына эскертүү берилген.

Бирок «Азаттыктын» талапкери, экс-депутат Жылдызкан Жолдошова Ош шаарындагы үгүт иш-чарасында мыйзам бузуу болгон эмес деп эсептейт.

Ошондой эле, Жолдошова үгүт иш-чарасына студенттерди мугалимдер алып келгенин аныктаган иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковду «бирөөнүн буйругун аткарды», «туура эмес маалыматты» деп билдирген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө үгүт иш-чарасына катышкан студенттердин баары жашы жете элек экени аныкталган. Иш үч күндө иликтенип, сотко жөнөтүлгөн.

9-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Оштогу студенттер «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасына катышканы үчүн ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков кызматтан алынганын, шаар мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланганын билдирген.

Кожобековдон сырткары ОшМУнун Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканы Бактыбек Муратбаев жана үч окутуучусу да иштен бошотулган. Ошондой эле билим берүү министри Болот Купешевге жана шаардын мэри Алмаз Мамбетовго дагы сөгүш жарыяланган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматкерлерди жана жетекчилерди шайлоо процессине аралашпоого чакырган.

«Түз кызматтык милдеттериңиздерди аткарыңыздар. Сиздердин милдетиңиздер – шайлоолорду өткөрүү үчүн шарттарды камсыздоо. Жарандык позицияны шайлоо күнү добуш берүү аркылуу билдире аласыздар. Бүгүнкү күндө шайлоо процессине кийлигишпеңиздер», —деп билдирген Жапаров.

Муну менен катар ал Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов кызматынан алынганын, ал эми Исфана шаарынын мэри Чыңгызбек Рысовго сөгүш жарыяланганын кошумчалаган. Аткаминерлердин экөө тең шайлоо мыйзамын бузганы аныкталган. Минкабдын маалыматы боюнча, үгүт иштери башталгандан бери БШК жана ИИМ 59 мыйзам бузуу каттаган.

Дагы окуңуз: Эски жүздөр vs коррупцияга каршы күрөшкөндөр. Парламенттик шайлоодо кимди шайлайбыз?