Бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкер 335 адамдын документтер топтому БШКга келип түштү, ал эми 21 саясий партия дагы 1 046 талапкерин сунуштады — ал эми парламентке болгону 90 депутат беш жылдык мөөнөткө шайланат. 54 депутат партиялык тизме менен, ал эми 36 депутат бир мандаттуу округдан болот.

Тандоодон жаңылбай, татыктуу талапкерге добуш берүү үчүн сиздерге ким, кайсы округдан, кайсы партия менен аттанганын айтып беребиз.

Парламентке 21 саясий партия ат салышууда. Албетте, арасында жергиликтүү кеңешти шайлоодо өзүн көрсөткөн же өлкө жетекчилиги менен кандайдыр бир байланышы бар фаворит партиялар дагы барбар.

Багыттама:

Биз партиялар сунуштаган бардык 1 046 талапкер жөнүндө айтпайбыз, алардын баары парламентке өтпөшү турган иш. Бирок биринчи бештикти жана коррупциялык чууга аралашкан же тескерисинче жемкорлук менен күрөшкөн таанымал талапкерлер жөнүндө баяндап беребиз.

«Бүтүн Кыргызстан»

Партиянын тизмесинде биринчи номерде, мурдагыдай эле алмашкыс лидери — Адахан Мадумаров. Ал үч жолу пезиденттикке талапкер болгон — 2011, 2017 жана 2021-жылы. Мындан тышкары, парламенттин үч чакырылышында [1995, 2000 жана 2005-жылы] депутат болгон. Төртүнчү чакырыштын спикери да болууга жетишкен.

Мадумаровдон кийин башкы коммунист — Исхак Масалиев. Коммунисттер менен «Бүтүн Кыргызстан» бириккен. Масалиев парламентке төрт жолу шайланган, ошондой эле, 2005-жылы финансы министринин орун басары болгон. Депутат болгонго чейин бажыда иштеген, ал эми 2012-жылы салык кызматын жетектеп эки жыл иштеген.

Шайлоого катышуу үчүн акыйкатчы кызматын өткөрүп берген чекист Токон Мамытов дагы ушул партиянын катарында аттанды. Буга чейин ал бир жыл вице-премьер-министр, эки жолу мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, ортодо депутат, кийин Коопсуздук кеңешинин жетекчиси, атайын кызматтын жана коргоо министрлигинин башчысынын орун басары болгон.

Биринчи бештикте мурдагыдай эле жарандык активист, «Мекенчилдин» мурдагы тең төрагасы, бир кездеги Садыр Жапаровдун тарапташы Орозайым Нарматова бар.

Биринчи бештикти актёр Темирлан Сманбеков жыйынтыктайт. Сманбеков Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти, Бакен Кыдыкеева атындагы театрдын жетекчиси, театр жана кино актёру, мамлекеттик, маданий иш-чараларды алып барат. Акыркы жылдары «Дарак ыры» жана «Курманжан Датка» фильмдеринде роль жараткан.

«Ата Мекен»

«Ата Мекендин» алгачкы бештиги абдан таанымал, медия жүздөрдөн куралган. Партия лидери Өмүрбек Текебаевден сырткары топ-5те анын үзөңгүлөшү, парламенттеги бийликчил көпчүлүк менен талашып-тартышуудан качпаган, көп учурда аялдардын укугун коргоо маселесин көтөргөн Наталья Никитенко бар. Ал коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин мүчөсү, бешинчи жана алтынчы чакырылышта «Ата Мекенден» депутат болгон.

Партиянын дагы бир жылдыздуу талапкери — экс-судья Клара Сооронкулова. Жакында эле «Ата-Мекен» менен бириккен «Реформанын» төрайымы. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш мыйзамды өзгөртүүгө мароторий жарыяланганына карабай конституцияны өзгөртүүнү демилгелегенде Сооронкулова каршы чыккан. Учурдагы өлкө башчысы Садыр Жапаров баш мыйзамды өзгөртүү маселесин көтөрүп чыкканда дагы Сооронкулова каршы турду.

«Ата Мекендин» биринчи бештигинде 2020-жылдын октябрь окуяларында элдин эсинде калган Тилек Токтогазиев бар. Токтогазиев айыл чарба тармагында ишкерлик кылып келет. Өлкөдөгү толкундоолордон кийин премьер-министрлик кызматка талапкерлиги сунушталган. Бирок премьерлик Садыр Жапаровго тийген, ал эми Токтогазиев өздөрүн азыркы өлкө башчысынын тарапташтарыбыз деген адамдар ыргыткан таштан жаракат алып, башы жарылган.

Ага карабай, кийин Жапаров Токтогазиевге айыл чарба министри кызматын сунуштаган. Чарбачыл ишкер министрликти деле көпкө башкарган жок. Аны жана октябрь окуяларынан кийин түптөлгөн минкабдын курамына кирген башка «жылдыздарды» бат эле башка саясатчыларга алмаштырышты.

Партиянын тизмесине иликтөөчү-журанилист, бажыдагы коррупция менен аткезчилик жөнүндө иликтөөнүн авторлорунун бири Али Токтакуновдун келиши кызыктуу болду. Өлкөдөн 700 млн доллардын чыгарылып кетиши тууралуу иликтөөнүн терс каарманы, бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов — 2021-жылы сот отурумунда ведомстводогу коррупцияга тийиштиги бар экенин мойнуна алып, бирок эркиндикте калган.

Иликтөө жарыялангандан кийин Токтакунов Матраимовду актаган фейк жана троллордун көп жолку чабуулуна жана парламент депутаттары баштаган коррупционердин тарапташтардын көп сандаган митингдерине туруштук берген. Алардын талаптарынын бири «Азаттыкты» жабуу болгон. Токтакунов ал кезде «Азаттыктын» Прагадагы кеңсесинде иштечү. Ал эми Матраимовдун мурдагы тарапташы Эмил Кимсанов ага журналистти кандай жол менен болсо дагы кармап келүүнү кармап кел деген тапшырма берилгенин айтып чыккан. Журналист 2020-жылдын октябрь айында гана өлкөгө кайтып келген жана бир жыл ичинде жемкорлукка байланыштуу бир катар иликтөөлөрдү, анын ичинде Матраимовдун кадрлары тууралуу кеңири материал жарыялаган.

Анан албетте булардын катарында Өмүрбек Текебаев дагы бар — парламентке кайтып келүү аракетин токтотпогон «түбөлүк оппозиционер». Оппозициядагы узак саясий карьерасында Текебаевге асылуулар көп эле болгон — баңгизат салынган матрешканы чемоданга салып коюудан тартып, интим видеосун интернетке жайылтуу, аэропортто чуулгандуу камакка алууга чейин. 2017-жылы Атамбаев бийликте турганда Текебаевди коррупцияга шектеп иш козгоп, ошол бойдон 2019-жылы Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенде үй камагына чыккан. Ошол эле 2019-жылы Текебаевге карата чыккан өкүмдөр жокко чыгарылып, иш кайра кароого жөнөтүлгөн.

«Ишеним»

Азамат Дороев — Бишкектин Октябрь районунун мурдагы акими. Ал бул кызматтан 2020-жылдын ноябрында кеткен. Дороевдин карьерасы 2012-жылы башталган, ошондон тарта ал Бишкек шаардык түзүмдөрдө ар кандай кызматтарда иштеген.

Рысбай Аматов — учурда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, «Ишеним» фракциясынын лидери. Аматов Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы чакырылышында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын төрагасынын орун басары болгон. Ал үч чакырылышта тең шаардык кеңештин депутаты болгон— эми ал реалдуу парламентке даярмын деп чечкен өңдөнөт.

Медербек Алиев— юристтер жана эл аралык уюмдар кескин сынга алган конституцияны өзгөртүү боюнча ишалып барган конституциялык кеңешменин мурдагы мүчөсү. Бир убактарда «Демократ» партиясынын тизмесинде жүргөн.

Жанна Ильина — 2020-жылдын май айында ЖМКда өкмөттүк аппараттын санариптик трансформация боюнча эксперти катары аты айтылган. Ошондой эле 2018-жылы Маалыматтык технологиялар мамкомитетинин маалыматтык -коммуникациялык технологиялар жана электрондук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн адиси болуп дайындалган.

Нурбек Сыдыгалиев — 2015-2016-жылдары ӨКМдин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Жогорку кеңештин вице-спикеринин орун басары кызматына үстүбүздөгү жылдын январь айында дайындалган. Сыдыгалиев парламентке депутаттык мандатын тапшырып, «Ата Мекендин» катарынан чыгып кеткен Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна келген. Ошондой эле, Сыдыгалиев коомдук ишмер жана академик катары айтылат. Мындан тышкары, ал резонанс жараткан Конституциялык кеңеменин мүчөсү болгон.

«Ынтымак»

Бул партия бай тарыхы бар жана ар кайсы партияларда из калтырган саясатчылар менен чиновниктердин башын бириктирген. Партияда төмөнкү саясатчылар бар:

Чыңгыз Макешов —Зергерлер ассоциациясынын башкы директору, Кыргызстандын ишкерлер союзунун аткаруучу директору, ишкердикти өнүктүрүү фондунун төрагасы жана «Борбор-Азиялык капитал» инвестициялык компаниясынын аналитиги болгон.

2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ыйман Нуру» партиясынын тең төрагасы болгон. Ал эми ушул жылдын июнь айында Социал-демократтардан Жогорку Кеңешке депутат болуп барган.

«Ынтымактын» негиздөөчүсү — депутат Марлен Маматалиев. Өткөн 2020-жылы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын катарында барган. Ал кезде бул партияны Матраимовдордун кланы менен байланыштырышкан. Бир нече партия тарабынан фальсификация жана көптөгөн мыйзам бузуулар болгондуктан өлкөдө толкундоолор болуп, соңунда шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан. Учурдагы бийликти жана коррупционер Матраимовду сындаганы үчүн, кесиптеши Дастан Бекешевге кайрылып «суу ичкен кудукка түкүрбө» деп кеңеш берген. Фейктерге байланыштуу талаштуу мыйзам долбоорду демилге кылганы ачыкка чыккан — кийин документти окубай кол койгонун айткан.

Талант Мамытов — президент Садыр Жапаров менен анын үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевдин жакын адамдарынын катарына кирет. Ал октябрь окуяларынан кийин парламенттин төрагасы болуп шайланган. 2012-жылы Мамытов, Ташиев жана Жапаров «бийликти күч менен басып алуу» боюнча соттолушкан. Бийлик алмашкандан кийин Жогорку сот үч саясатчыны тең актаган.

Алмамбет Шыкмаматов — «Ата Мекен» партиясынын мурдагы депутаты жана мурдагы инвестиция министри. Жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясы менен барган. Садыр Жапаров бийликке келгенде, ал анын колдоочулардын бири болгон. Президенттик шайлоодо Шыкмаматов Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын башкарган. Шайлоодон кийин инвестиция министри болуп дайындалган.

Жаркынбек Касымбеков — «Чоң Казат» партиясынын лидери. Касымбеков Бишкек шаардык тез жардам кызматынын мурдагы жетекчиси, 2015-жылы ал «мыйзамсыз тендер өткөргөнү» үчүн соттолуп, 2018-жылы 300 миң сом айыпка жыгылган. 2020-жылы октябрда Касымбеков өзүн Саламаттык сактоо министри деп жарыялаган.

Балбак Түлөбаев —Ысык-Көл облусунун мурдагы жетекчиси, октябрь окуяларынан кийин Бишкек шаарынын мэринин милдеттин аткарган. Ал үстүбүздөгү жылдын февраль айында кызматтан кеткен. Түлөбаев 2020-жылдагы төңкөрүштөн кийин Садыр Жапаровду колдоп баштаган.

Эрулан Көкүлов — активист, «Не сахар» долбоорунун алып баруучусу. Бир жыл мурда «Реформага» мүчө болгон.

Вероника Исаева — «Чоң Казат» партиясынын мурдагы мүчөсү. Октябрь окуяларынан кийин Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.

«Улуттар Биримдиги»

Мелисбек Мырзакматов — Оштун экс-мэрлеринин эң белгилүүсү. Ал Оштогу эстакадалык көпүрөнүн курулушунда кызмат абалынан пайдаланып 27 млн сомду ыксыз короткон деп айыпталган. Бул ишти Мырзакматов өзү саясий деп атаган.

Камалып кетүүдөн корккон Мырзакматов 2014-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен жана ага эл аралык издөө жарыяланган. 2015-жылы жети жылга сыртынан соттолгон. Кийин ал актоо өкүмүн чыгаруу үчүн бийлик жарым миллион доллар опузалаганын айтып чыккан.

Ал Кыргызстанга 2020-жылы 7-октябрь түнү кайтып келген. 20-октябрда Жогорку сот 27 млн сомду ыксыз коротуу иши боюнча аны толук актаган.

Артур Медетбеков — бул партиядагы дагы бир белгилүү саясатчы. Ал ардагерлердин «Антитеррор-Альфа» коомдук уюмунун төрагасы, УКМКнын башчысынын экс-орун басары жана НДПКнын лидери.

Ошондой эле, партиянын алдыңкы тизмесинде төмөнкү адамдар бар:

  • Талас облусунун экс-губернатору Бейшен Болотбеков;
  • «Ар-Намыстын» юристи Андрей Иванов;
  • «Көзөмөлдүн» лидери Айбек Турганбаев;
  • «Мекен сакчысынын» жетекчиси Саитжан Эратов;
  • Журналист Турат Акимов;
  • Тышкы иштер министринин экс-орун басары Аскар Бешимов.

«Ата Журт Кыргызстан»

«Ата Журт Кыргызстан» — салыштырмалуу жаш партия, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланыштырып келишет. Анткени, бери дегенде партиянын аталышы Ташиевдин мурдагы партиясы «Ата Журтка» үндөш жана ушул эле «Ата Журт Кыргызстандан» анын уулу Таймурас Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болгон.

Ал эми парламенттик шайлоого ким катышып жатат?

Тизмеде биринчи болуп партия лидери Айбек Маткеримов баратат. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого ал УКМК төрагасы негиздеген «Мекенчил» партиясынын атынан катышкан.

Ошондой эле, Айбек Маткеримов 2016-жылы ошол кезде Ташиев жана учурдагы президент Садыр Жапаров түптөгөн «Ата Журт» партиясынан Барпы айылдык кеңешине депутат болгондугу белгилүү.

Бакыт Төрөбаев — Жогорку Кеңешин депутаты,«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери. Бакыт Төрөбаев 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан, бирок Өмүрбек Бабановдун пайдасына талапкерлигин алып салган. Ошондой эле, ал Жогорку Кеңештин акыркы үч чакырылышында депутат болгон.

Ал 2007-жылы бозгун президент Курманбек Бакиев тарабынан негизделген «Ак-Жол» партиясы менен алгачкы жолу парламентке келген. 2010-жылы болсо «Республика» партиясынын катарында депутат болгон. 2015-жылы Жогорку Кеңешке «Өнүгүү — Прогресстин» туусунун алдында өткөн.

Мындан бир гана жыл мурда парламенттик шайлоого катышпайм деп айтып, жетинчи чакырылыш реформа жасай албайт деп ишендирген. 2019-жылы иликтөөчү-журналисттерди жемкорлук жана контрабанда боюнча ири иликтөөсүн сынга алган. Ал кийинчерээк ачыктан ачык экс-бажычынын тарапташтарынын катарына кирген журналисттин берген баасына таянып, иликтөөдө так эместиктер бар деп айткан.

Равшан Сабиров былтыр эле «Мекенчил» партиясынын атынан шайлоого катышкан. 2011-2012-жылдары социалдык өнүктүрүү министри кызматын ээлеген. Бирок 2012-жылы эл аралык бала асырап алууга уруксат берүүдөгү коррупцияга шектелип кармалган.

2013-жылы Бишкек шаардык соту Сабировду мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыраткан. Ал бир жылдан кийин мунапыстын негизинде бошотулган.

Таалайбек Сарыбашов — Оштун экс-мэри, кыска убакытка Бишкектин мэри болгон. Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэри болуп турган учурда «Ош шаарында үйүм жок» деп Түштүк резиденцияда мамлекеттик казынанын эсебинен жашаган. Үстүбүздөгү жылдын апрель жана июль айларында шаардык кеңешке өткөн шайлоолордо бир нече партиялар «Ата-Журт Кыргызстанды» админресурс колдонууга айыпташкан. Анда ошол кездеги мэр Таалайбек Сарыбашовдун да аты аталып, коомчулукта Сарыбашов «аталган партияны колдойт» деген кептер тараган.

Биринчи бештикте Өкмөттүн соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары Жамиля Исаева дагы бар. Ошондой эле, партиянын жыйынында мурдагы маданият министри Камила Талиева дагы байкалган. Демек Талиева дагы шайлоого катышышы мүмкүн.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинде ырчы Бек Борбиев, «Мекенчил» партиясынын бир канча мурдагы мүчөсү жана Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун айланасында жүргөндөр катышып жатат.

«Ыйман Нуру»

Бул шайлоого партия өзүнүн лидери, мурдагы маданият министри Нуржигит Кадырбеков менен барат. Партиянын дагы бир лидери Чыңгыз Макешов «Ынтымакка» өтүп кеткенине байланыштуу катарда жок

Кадырбеков маданият министрлигин жетектеп турганда YouTube’дагы «В пи#ду звезду» шоусуна катышкан артисттердин наамдарын кайтарып берүүсүн талап кылганы менен эсте калды. Чынында, ырчы Кайрат Примбердиевдин Эмгек сиңирген артист наамын тартып алууга анын ыйгарым укугу жок болчу.

2020-жылы октябрда маданият министрлигин башкарууга дайындалган Кадырбеков мамлекеттик мекемелерге музей экспонаттарын илүүгө тыюу салганы менен дагы аты чыкты. Мындай чечим кабыл алууга негиз бар эле — 2020-жылы октябрда протестке чыккандар Ак үйдү басып алганда кыргыз музейлерине тиешелүү сүрөттөрдүн көбү жарактан чыгып, жарымын чыгарып кетишкен.

«Ыйман Нурун» Айбек Осмонов негиздеген. Ал кийин Матраимовтор кланына тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстанды» дагы негиздеген. Ушул себептен партияда Осмонов башкарган кезде эле жергиликтүү кеңештерге өтп алган «мекенимчилер» көп.

Мындай жигиттердин бири — Аскар Күрүчбеков. Ал шаардык кеңешке «Мекеним Кыргызстандын» тизмеси менен келип, фракция лидеринин орун басары болгон. Ага чейин «Мекеним Кыргызстан» партиясынын жаштар канатын башкарган. Партиядан сырткары ал Dosoy Cinema студиясынын продюсери жана режиссеру.

Дизайнер жана «Тынчтык» партиясынын төрайымы Чынара Мамажакыпова дагы «Ыйман нуру» партиясынан талапкерлигин коюп жатат. Ал CHİKİSTYLE жана CHİKİMODA бренддерин негиздеп, алга жылдырып жүрөт.

Юрист Динара Ашимова дагы парламентке ушул партиянын курамында аттанып жатат. Мындан тышкары, ал 2005-жылы Демократиялык партиядан талапкер болгон. Ашимова 1997-жылдан бери ички иштер жана прокуратура органдарында иштеген, ал эми 2019-жылы «Азия ньюс» гезити менен соттошууда Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кызыкчылыгын коргогон. Анда гезит бетине «Кашкар крысабы?» деген аталышта карикатура коюлган макала жарыяланган.

Президенттин экс-кеңешчиси, мурда Баткен облусунун башчысы Султанбай Айжигитов дагы ушул эле партиядан парламентке өткүсү келет. 2018-жылы ага 11 жаштагы баланы сабаганы боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Саясатчы бул маалыматты четке кагып, ишти чагым деп атаган.

«Альянс»

«Альянс» — бул бир нече партиядан жана мурдагы саясий уюмдардан кеткен көрүнүктүү саясатчылардын «бирикмеси». Курамында «Бир Болдун», «Республиканын» жана КЛДПнын мүчөсү Жанар Акаев бар.

Партияда эки лидер бар. Бири — белгилүү саясатчы Мирлан Жээнчороев, ал көрүнүктүү саясатчы болгону менен өзүнүн «Республика» партиясында Өмүрбек Бабановдун көлөкөсүндө көрүнбөй калчу.

Бул бирикме Жээнчороев үчүн өзүн көрсөтүүгө түзүлгөн реалдуу мүмкүнчүлүк. Парламентте ал дайыма суроо жараткан мыйзам долбоорлоруна байланыштуу талашып-тартышып, ал тургай депутаттардын Айэркен Саймаитинин киши колдуу болушун иликтеген комиссиянын корутундусуна кол коюуну каалабай анын курамын чыгып да кеткен, себеби эл өкүлдөрү көңүлдү бизнесмендин өлүмүнө бурбай эле Райымбек Матраимовду реабилитациялоону каалап туруп алышкан.

Экинчи лидер — Жанар Акаев, «Азаттыктын» мурдагы журналисти, ал парламентке КСДП партиясы менен келип, кийин фракциядан чыгып, эркин депутатка айланган. 2015-жылы парламентке депутат болуп шайланганып келгенге чейин жарым жыл президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы болгон. Акаев 2017-жылы Бишкекте сөз эркиндиги үчүн митингге чыккандыгы үчүн КСДП фракциясынан чыгарылган. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого Акаев «Ата-Мекен» партиясынын катарында катышкан, кийин ЛДПКны негиздеген.

Партиянын катарында «Бир Болдун» лидери Алтынбек Сулайманов дагы бар. Сулайманов 2010-жылга чейин парламентке Бакиевдин «Ак Жол» партиясынан келген депутаты болгон. Узак жылдан бери парламентте жүргөн эл өкүлдөрү аны Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен мушташып, аларды жеңип койгон депутат катары эсинде калган.

Бийлик алмашкандан кийин Сулайманов «Республика» партиясына өтүп, аны менен катар «Бир Болду» негиздеген. Сулайманов өзү жана негиздеген партиясы бир нече жолу бозгун президент Курманбек Бакиев менен байланышы бар делип айыпталган.

Сулайманов дагы деле парламенттин депутаты. ЖМКлар Сулаймановдун УКТга байланышын да айтып жүрүшкөн, ал тургай криминалдык дүйнөдө «Челюсть» деген каймана ат менен таанымал экенин жазышкан. Өткөн парламенттик шайлоого ошол каймана атын кошуп, «Бир Бол» үчүн үгүт видеосун да тарттырган. Октябрдагы толкундоолордон кийин парламенттеги кесиптештери Садыр Жапаровго тилектештигин көрсөтүп жүргөндө ал ага бир топ эле каршы чыккан.

Келерки парламенттик шайлоого мурдагы тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков дагы катышууну чекен. Ал ТИМди 2018-жылдын октябрынан бери жетектеп, 2020-жылдын октябрында анын ордуна Руслан Казакбаев келген.

Анда Айдарбеков президенттин м.а. Садыр Жапаровдун стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалган. Бирок бул кызматта көпкө иштеген эмес. Декабрда бул кызматтан бошотулган.

Партиянын курамында «Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясынын ээси Оргалча Токтобүбү да бар экени белгилүү.

Бул компания тууралуу ЖМКларда бир нече ирет жазылган. Мисалы, 2020-жылдагы октябрь окуяларында журналисттер бул компаниянын автобустары президенттик кызматка жаңыдан бей байлай баштаган Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөнүн байкашкан.

Партиянын съездинде пандемияга каршы күрөшү убактырында жакшы таанылып калган депутат Айсулуу Мамашева дагы көрүндү. Ал жакында эле Матраимовду колдогон мурдагы спортчу жана депутат Шайлообек Атазов менен дагы кайым айтышканы белгилүү.

Съездде бажыдагы коррупция тууралуу айтып чыккан экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров дагы байкалды. Анын бул билдирүүсү «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP бажыдагы коррупция тууралуу иликтөөлөрүндө ачыктаган схемалар бар экендиге дагы бир тастыктама болгон. Ал иликтөөлөрдүн башкы фигуранты — Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов.

Абакиров президенттик кызматка ат салышкан, акыркы парламенттик шайлоодо «Ата Мекендин» талапкери болгон. Октябрь окуясында чачырандылар тийип жабыркаган. Кийин «Реформа» парттясы менен бириккен.

Партиянын катарында өрдөк этинин аткезчилигине байланыштуу иш боюнча өтүп жаткан Эмил Жамгырчиев дагы бар экени так белгилүү. Мурдарак ал өзүнө каршы «өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу» беренеси менен кымыш иши козголгонун бышыктап, бирок айыпка макул эместигин билдирген.

«Эл Үмүтү»

Аскар Алмаз уулу шаардык кеңештерге шайлоодо «Биздин эл» партиясынын төрагасы катары аты аталган. Ал Демилгелүү жаштар борборунун жетектеген, ыктыярчы болуп жүргөнү да белгилүү. Пандемияга каршы күрөштө борбордун ыктыярчылары күжүрмөндүгүн көрсөтүшкөн.

Ал убакта «Биздин эл» ыктыярчылардын партиясы деп сыпатталган, ушундай эле кеп «Эл үмүтү» жөнүндө да айтылып жүрөт. «Биздин эл» партиясынын алгачкы бештигинде алгач Алмаз уулу, ырчы Анжелика Кайратова жана активист Болот Ибрагимов болгон — бирок шаардык кеңешке шайлоонун алдында алардын баары алгачкы бештиктен көрүнбөй кетишкен.

«Эл үмүтү» партиясынын алдыңкы бештиги жарыяланган эмес, талапкерлери онлайн-добуш берүү аркылуу тандалган. Партиянын лидери — Аскар Алмаз уулу.

Шайлоодо партияны баштап бара турган алдыңкы бештик жарыяланбаганы менен тизмеде активист активист Болот Ибрагимов бар экени маалым.

«Азаттык»

«Азаттык» партиясынын курамын карай келгенде анын «Азаттык» үналгысына эч кандай тиешеси жоктугу жада калса саясаттан кабары жок кыргызстандыкка деле түшүнүктүү боло түшөт.

Бул партиянын алдыңкы бештигин Матраимовдун тарапташы Ахматбек Келдибеков жетектейт. Ахматбек Келдибеков ар убакта ар башка жетектичлик кызматтарды аркалаган. Аскар Акаевдин тушундай Соцфондду башкарган. Ал эми өлкөнү Курманбек Бакиев жетектеп турганда Салык кызматын башкарган. Жогорку Кеңештин спикери болгон, ал эми 2017-жылы президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон, бирок соттуулугу жоюлбагандыктан саясатчы шайлоо өнөктүгүнө катыша алган эмес.

«Клооптун» журналисттери 2016-жылы иликтөө жарыялап, Акматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматованын Болгариядагы жер участогун жана бизнесин табышкан. Келдибеков өзү журналисттердин жүйөөлөрүн «каралоо аракети жана жалаа» деп атаган.

Сооронбай Жээнбековду журт атасы, ал эми коррупциялык иликтөөнүн башкы каарманы Райымбек Матраимовду — уулумдун өкүл атасы деп атаган. Келдибеков ЖМКларга каршы доо коюп, соттошкону менен дагы белгилүү.

Бул партияда экс-депутат Жылдызкан Жолдошева дагы бар. Ал Садыр Жапаровдун үзөңгүлөшү жана тарапташы катары таанымал. Бирок октябрь окуяларынан кийин уулу кызматтан алынганы үчүн Садыр Жапаровду сынга алган. 2020-жылдын мартында ошол убакта 2017-жылдан бери камакта отурган Жапаровду колдоо митингине чыгып, аны бошотууну талап кылган.

Жылдызкан Жолдошева Жогорку Кеңешке 2010-жылы «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп келген. Бул партиянын катарында парламентке Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев дагы келген. 2020-жылы өтүп жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоодо ал «Мекенчил» партиясынын тизмесинде төртүнчү номерде аттанган. Партиянын негиздөөчүлөрү — Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров.

Партиянын алдыңкы катарында Убактылуу өкмөттүн экс-коргоо министри Исмаил Исаков дагы бар. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо ал Сооронбай Жээнбековду колдогон. Ага чейин бешинчи чакырылышта дагы депутат болгон.

81 жаштагы Медеткан Шеримкулов Кыргыз СССРнин Жогорку Кеңешинин төрагасы болгон, ал тургай 1995-жылы президенттикке талапкерлигин көрсөткөн. «Легендардуу парламенттин» спикери да болгон.

Партиянын алдыңкы бештигин экс-депутат Бактыбек Калмаматов жыйынтыктайт — ал 2021-жылы президенттик шайлоого катышып, Садыр Жапаровду Конституцияны өзгөрткүсү келгени үчүн сынга алып, баш мыйзамдын сунушталган долбоорун «абсолюттук хандык башкарууга алып келет» деп билдирген.

Ал «Биз Барбыз» фондун негиздеген, 2010-2015-жылдары парламент депутаты болгон.

«Уулу Журт»

«Улуу-Журт» шаардык кеңештердин шайлоосуна катышып, «Ата-Журт Кыргызстан» тарабынан админресурс колдонулуп жатканын айтып даттанган. Партия шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.

Ал эми иликтөөчү-журналист Ыдырыс Исаков 2021-жылдын апрелинде «Улуу-Журт» программасын толугу менен Орусиянын «Справедливая Россия» партиясынан көчүрүп алганын айтып чыккан.

Партиянын лидери — Мирлан Орозбаев.

«Мекенчил Эл»

БШКнын маалыматы боюнча, партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Орозбек Алымжанов дайындалган. 2020-жылдын февралында Садыр Жапаровду колдоп чыккан, ошондой эле ал «Садыр Жапаровду колдоо боюнча элдик кыймылдын» төрагасы болгон.

Юстиция министрлигинин реестринин маалыматына ылайык, «Мекенчил Эл» партиясы 2021-жылдын июнунда каттоодон өткөнү, ал эми Алымжанов партиянын негиздөөчүлөрүнүн катарын толуктаганы да кызык.

Юстиция министрлигинин базасында партиянын директору катары Бакыт Ибраев көрсөтүлгөн. Ал «Элдик көзөмөл Акыйкат» коомдук бирикмесинин жетекчиси. БШКнын маалыматы боюнча, партияда негиздөөчүлөр катары төмөнкү адамдар дагы көрсөтүлгөн:

  • Талантбек Абдылдаев, «Ак Кыргый» ЖЧКсынын директору;
  • Нуризат Ашырбаева;
  • Руслан уулу Данияр;
  • Бахтияр Абдылдаев;
  • Бейшебек уулу Жаныбек;
  • Азамат Мукашев;
  • Курманбек Рыскелдиев;
  • Бакыт Кайымов.

«Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партиясы»

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, партиянын директору — КР Футбол федерациясынын экс-президенти Айбек Алыбаев. Ал 2008-жылы Кыргызстандын бозгун президенти Курманбек Бакиевдин жардамчысы болгон.

«Социал-демократтар»

«Социал-демократтар» — 2020-жылдагы парламенттик шайлоого аз калганда негизделген партия. Негизинен ал ыдырап кеткен КСДПнын өз алдынча чогулган бөлүгү, ал эми партиянын «локомотиви» — мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.

Алгач Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеит партиянын лидери болчу. Бирок 2021-жылдын февралында бул орунга Темирлан Султанбеков келген. Султанбековду партиянын эң эле таанымал жүзү десе болот. Башында Султанбаев мурдагы президент тууралуу макалалардын алдында Атамбаевди сындагандар менен талашып-тартышкан социал-демократ болчу, андан кийин саясатчылар менен таймашкан саясий дебаттардын катышуучусуна айланган.

Султанбеков дагы Юстиция министрлигинин базасында партиянын директору деп көрсөтүлгөн.

Султанбеков партиянын алдыңкы катарында кимдер бар экенин айта элек болгону менен ал жерде тааныш жүздөр болору айдан ачык.

«Жогорку Кеңештин азыркы 10 депутаты, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын 6 депутаты, Жогорку Кеңештин экс-спикери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, биздин өлкөнүн аймактарынын экс-жетекчилери, ири ишкерлер, асфальт чыгаруу боюнча жаңы кыргыз өнөр жай-заводдорунун жана жер жемиштерди кайра иштетүүчү заводдордун негиздөөчүлөрү жана башкалар, бүтүндөн ведомстволорду башкарган жаш жана күчтүү кадрлар жана көптөгөн башка адамдар», — деп билдирди жаш саясатчы.

«Аруузат-Эл Куту партиясы»

Партиянын директору катары Алмакан Бекова көрсөтүлгөн. Бекова өзүн космоэнергетик жана элдик табып деп эсептейт. 2014-жылы ал Курманбек Бакиев президент болгонго чейин андан кеп-кеңеш алып жүргөнүн билдирген эле.

Ал Курманбек Бакиевге «бир мөөнөттөн ашык башкарса жаман тагдыр күтөрүн» эскертип айтканын, ошондон кийин ал аны өлкөдөн кууп чыкканын билдирген болчу.

Бир жыл мурда ал парламентик шайлоого учурда «Ынтымакка» кошулуп калган «Чон казат» партиясынан аттанган.

«Ордо»

Юстиция министрлигинде партиянын директору деп президенттик аппараттын кызматкери катары таанымал Мирлан Керимов көрсөтүлгөн. Өткөн жылы партиянын жетекчиси Мирбек Мияров жазылып жургөн эле.

Ал убакта Керимов партиянын талапкерлеринин бири болчу.

«Багыт»

Бул либерал-демоктариялык партиянын жетекчиси катары Самаган Асанов катталган. Ал эмгек министринин орун басары, мындан тышкары, Кыргызстандын Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборунун кызматкерлеринин профсоюсузунун директору деп тадагы көрсөтүлгөн.

«Жашылдар партиясы»

«Жашылдар партиясынын» директору — Эркин Бөлөкбаев. Ал өзүн оппозиционер деп эсептейт, утур-утур нааразылык акцияларын уюштуруп катышып турат. Мисалы, ал Ысык-Көл облусунда уран казууга каршы митингдерджин бирин уюштурган.

«Легалайз»

Партиянын директору — Элдар Мадылбеков. Ал экс-депутат Турат Мадылбековдун уулу.

2012-жылы Элдар Мадылбеков 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Бакиевдердин мүлкүн менчиктеп алган деп айыпталып кармалган.

Партиянын саясий кеңешинин төрагасы катары жакында эле «Ынтымактын» тизмесинен шаардык кеңештердин шайлоосуна катышкан Марат Арзыкулов дайындалган. Ал руда жана баалуу металлдарды казган «ИГ-МАР» компаниясынын башкы директору.

Партиянын алдыңкы тизмесинде төмөнкүлөр да бар:

  • Венера Чокурбаева;
  • Дамир Абдрафиков, «КырКазГаздын» директору;
  • Нурмат Карпов;
  • Нурания Касымова, «Нурани» балдардын инклюзивдик билим берүү борборунун директору ;
  • Мирлан Жумабеков, «Монолит профи» ишканасынын директору;
  • Константин Рудный;
  • Анна Звягина;
  • Акжол Абытов, «Тера-бокс» формасынын директору.

«Күчтүү регион»

Бул партиянын эки директору бар. Алардын бири — Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Найзабек Көлбаев. Өткөн жылы аталган райондун тургундары өкмөт үйүнө митингге чыгып, Көлбаев айдоочусу аркылуу жер тилкелерине байланыштуу махинацияларды кылганын билдиришкен.

Партиянын экинчи директору — Данияр Астаров, ал Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы.

«Жашасын Кыргызстан»

Партияны президенттикке мурдагы талапкер Токтайым Үмөталиева жетектейт.

Үмөталиева укук коргоочу, Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар бирикмесин башкарат. Ошондой эле, өспүрүмдөр гезитинин редактору.