Ысык-Көлдө кароосуз калган шахта урап, 58 жаштагы киши каза болду

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында кароосуз калган шахта урап, 58 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык 13-ноябрь күнү кече маал катталган. Окуя болгон жерге ӨКМден 13 куткаруучу тартылып, сөөктү «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ушундай эле кырсык үстүбуздөгү жылдын июль айында катталган. Анда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Маркай айылынын Өрүктү тилкесинде жайгашкан шахта урап, 44 жана 46 жаштагы кишилер каза болгон.

Бул окуядан бир апта мурун Сүлүктү шаарында да шахта урап түшкөн — анда 20 жаштагы жаран каза таап, дагы бири жаракат алган.