Баткен: УКМК транспорттук көзөмөл пунктунун жооптуу кызматкерлерин кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Транспорт жана жолдор министрлигинин автоунаа, суу транспорту жана салмак-габарит көзөмөл агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, агенттиктик бөлүм башчысы З.С.А. жана «Көк-Талаа» транспорттук көзөмөл пунктунун башкы инспектору М.Э. оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынан акча талап кылып, такай каражат алып турган.

УКМК кармалган кызматкерлер кызмат абалынан кыянат пайдаланып, салмак-габарит ченемдерин бузуу менен өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келтиргенин белгиледи.

Алардын иши Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен териштирилип жатат. Шектүүлөр Кызыл-Кыя ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Андан тышкары кылмышка катыштыгы бар башка жарандарды аныктоо боюнча иштер уланууда деп кошумчалады атайын кызматтын басма сөз кызматы.

Транспорт министрлигиндеги коррупция

Финпол 2020-жылдын май айында Бишкек — Ош жолундагы «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө пункттарында коррупциялык схемалар аныкталганын маалымдаган. Бул иш боюнча Бишкек — Ош жолунун мамлекеттик дирекциясынын үч кызматкери кармалып, ал эми мамлекетке келтирилген зыян ондогон миллион сомго бааланган.

*Бишкек — Ош жолундагы мамлекеттик дирекция Кыргызстандын Транспорт жана жол министрлигинин бөлүмү болуп саналат.

Андан соң июнь айында аталган иш боюнча Транспорт жана жол министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн дагы 12 жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип кармалган. Анда коррупциялык схемадан келтирилген зыяндын суммасы 20 млн сомдон ашып кетиши мүмкүндүгү кабарланган.

Бул кармоолордон кийин финпол коррупциялык схемага аталган министрликтин жана башка ведомстволордун жогорку кызматтагы адамдарынын тиешеси бар-жогун текшере баштаган.

Ошондой эле, 2021-жылдын январь айында финпол Транспорт министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиевди коррупцияга шектеп кармаган. Ведомствонун маалыматына ылайык, тергөө учурунда коррупциялык схемага тиешеси бар 30га чукул кызматкер кармалган.

2021-жылдын февраль айынын башында транспорт министрлигинин кызматкерлеринин үстүнөн ачылган 28 сотко чейинки өндүрүш сотко өткөрүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын март айында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Транспорт жана жол министрлигине караштуу «Турускул» салмак көлөмдүк көзөмөл пунктунун эки инспекторун кармаган.

«Турускул» салмак-габариттик көзөмөлдөөчү жайдын инспекторлору «Кара-Кечеден» ташылып жаткан көмүрдүн уруксат берилген салмактан көп болгонун көз жаздымда калтыруу үчүн ар бир айдоочудан 500 сомдон алганын аныкталган.

Тема боюнча: Көмүр ташуудагы коррупция. «Кыргызкөмүрдүн» жана транспорт министрлигинин кызматкерлери кармалды