Бекмурзаев: Электр энергиясын импорттоо убактылуу токтотулду

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев 15-ноябрда «Азаттык» радиосунун эфиринде Кыргызстанга электр энергиясынын импорттоо убактылуу токтотулганын маалымдады.

Видео: «Азаттык»

Кыргызстан Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандан электр энергиясын алып жаткан. Бирок, Бекмурзаевдин айтымында, коңшу өлкөлөрдө да электр энергиясынын тартыштыгы жаралган.

«Бүгүнкү күндө коңшу мамлекеттерибизде дагы чоң кем-карчылыктар бар. Бүгүнкү күндө импорт токтоп турат, биз өзүбүздүн генерация менен иштеп атабыз. Анткени Өзбекстанда импорт келе турган линияда чаң аралашкан шамалдан улам авария болуп, жылытуу станцияларында ремонт жүрүп атат. Бул нерселер техникалык маселелер, аны саясатка аралаштырбашыбыз керек. Түркмөнстандан 1-августтан баштап электр энергиясын алып жатканбыз, авария болуп, учурда токтоп турат, бир-эки күндө калыбына келет», — деди министр.

Бекмурзаев Орусиядан электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөр дагы деле уланып жатканын кошумчалады.

Министр быйыл электр энергиясын колдонуу былтыркы жылга караганда 5-10%га көбөйгөнүн да белгиледи.

Кыргызстан ири энергетикалык кризистен улам күз-кыш мезгилинен жеңил чыгуу максатында коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттой баштаган.

Бирок жакын арада коңшу Өзбекстанда, Тажикстанда жана Казакстанда электр жарыгы өчүрүлүп жатканы белгилүү болгон. Айрымдарында кыска мөөнөткө өчүрүлсө, башкаларында чектөөлөр киргизилген.

Энергетикалык кризис

Кыргызстандын энергетикалык тармагы соңку жылы эң эле масштабдуу энергетикалык кризиске учурады. Токтогул суу сактагычында суу тартыш. Бийлик электр энергиясын коңшу мамлекеттерден сатып алып жатат.

Мындан сырткары, өлкөдө электр энергиясын пайдаланууга бир катар чектөөлр киргизилген. Улуттук энергохолдинг элди электр энергиясын үнөмдөп, үйлөрдү жылытуу үчүн газ жана көмүр колдонууга чакырган.

2021-жылдын июнь айынан тарта кыргызстандыктар «Түндүкэлектр» жана «Чыгышэлектр» ишканаларынан электр энергиясын жылытууга жана «башка термикалык процесстерге» пайдаланууга тыюу салынганы жөнүндөгү билдирүүлөрдү ала башташкан.

Күзүндө бийлик электр энергиясын үнөмдөө максатында көчөнүн жарыктарын күйгүзүүгө тыюу салган.

Тема боюнча:

Президент: Бекмурзаевди «куурдак» кылып жесеңер дагы энергосистема кризистен чыкпайт