COVID-19: Акыркы суткада эки адам каза болуп, 77 жаңы учур катталып

Кыргызстанда 17-ноябрга карата коронавирустун 77 жаңы учуру катталды, эки бейтап каза болду. Ал эми илдеттен 102 адам айыкты.

  • Бишкек шаарында — 23;
  • Чүй облусунда — 27;
  • Ош облусунда — 7;
  • Ысык-Көл облусунда — 8;
  • Жалал-Абад облусунда — 6;
  • Баткен облусунда — 4;
  • Талас облусунда — 2;

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 182 605ке жетти. Ал эми өлкө боюнча 177 108 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 712 адам көз жумду.

Учурда 521 бейтап ооруканада, ал эми 734 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 17-ноябрга карата 12 814 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 5 998 адам биринчи дозасын, ал эми 6 816 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.