Бишкек: Инспекторду унаасынын капотуна сүйрөгөн «Яндекстин» айдоочусу кармалды

Бишкекте 18-ноябрда күбөлөр «Яндекс.Такси» кызматынын айдоочусу патрулдук инспекторду унаасынын капотуна сүйрөгөн видеосун жарыялашты.

Милициянын маалыматы боюнча, окуя күн жарымында Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Айдоочу жол эрежесин бузганы үчүн токтотулуп, бирок ал инспектордун талабын аткаруудан баш тарткан. Күбөлөр тарткан видеодон эреже бузган айдоочу качып кетүүгө аракет кылганын, бирок инспектор капоттун алдына жолун тороп чыкканын көрүүгө болот. Бирок бул аракет да айдоочуну токтоткон эмес, ал капотко инспектор жатып калганына карабай кыймылды уланткан.

Кайгуул кызматынын маалымат борборунан «Клоопко» кабарлашкандай, айдоочу кармалып, Октябрь РИИБне жеткизилген. Окуя «Бейбаштык» беренеси менен катталды.

Кайгуул кызматы кармалган айдоочунун төлөнбөй жүргөн айыптары бар экенин, андан тышкары, жанын унаанын документтери жок болгонун кошумчалады. Унаа айып короого токтотулду.