Ысык-Атадагы жол кырсыгынан «Түндүк электронун» үч кызматкери каза тапты, алардын экөө аял

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 17-ноябрда жол кырсыгы катталып, «Түндүк электронун» үч кызматкери каза тапты. Дагы алты киши ооруканага түштү.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, авария Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 19-20 чакырымында орун алган. Анда «Түндүк электро» ишканасына таандык УАЗ унаасы менен Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унаа кагылышкан.

Кагылышууда УАЗ унаа жолунан чыгып, өрттөнүп кеткен. Унаадагы беш кызматкердин үчөө жеринде каза болгон. Ал эми жаракат алгандар Кант шаарындагы ооруканага жеткирилди.

«Турмуш» басылмасынын маалыматына караганда, кырсыктан эки аял жана бир киши көз жумган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын алдын ала маалыматына ылайык, Toyota Ipsum’дун 41 жаштагы айдоочусу унааны башкара албай, каршы тилкеге чыгып кеткен.

16-ноябрда Бишкекте жана өлкөнүн башка дагы аймактарында калың кар жаап, жол тайгак болгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын тогуз айында 5 437 жол кырсыгы катталып, анда 587 киши каза тапкан. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандардын саны 15,3%га көбөйгөн.