Жети-Өгүз районунда жеңил унаа оодарылып, бир аял каза болду

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы жол кырсыгынан 53 жаштагы аял каза таап, дагы бир киши оор жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Авария 17-ноябрда Жети-Өгүз айылында катталган. Маалыматка ылайык, Audi-80 үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Окуя болгон жерге Каракол шаарынан төрт куткаруучу тартылып, жардар болгон киши ооруканага жеткирилген.

17-ноябрда Чүйдүн Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда УАЗ жана Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унаалары кагылышып, үч киши каза тапты. Маркумдар — эки аял жана бир киши — «Түндүк электро» ишканасынын кызматкерлери болушкан. Дагы алты киши ооруканага түштү.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын тогуз айында 5 437 жол кырсыгы катталып, анда 587 киши каза тапкан. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандардын саны 15,3%га көбөйгөн.