Ноокат аймактык ооруканасынын башчысы Асамидин Мариповдун үстүнөн арыз түштү

Асамидин Марипов. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Асамидин Мариповдун шайлоого байланыштуу мыйзам бузууларга тиешеси бар-жогун атайын комиссия териштирет. Бул тууралуу 19-ноябрдагы тегерек столдо президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Жаныкулов билдирди.

Асамидин Марипов — экс-премьер-министр Улукбек Марипов жана №5 Ноокат шайлоо округунан талапкер Бакытбек Мариповдун атасы.

Жаныкуловдун айтымында, 18-ноябрда Мариповдун үстүнөн президент Садыр Жапаровго арыз түшкөн. Арыз берүүчү башкы дарыгердин шайлоо мыйзамын бузуу боюнча үч фактыны териштирип берүүнү өтүнгөн. Мындан улам президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү атайын текшерүүчү комиссия түзгөн.

«Бүгүн комиссия түзүлүп, ошол жерге балдар кетишти. Ал боюнча да териштирүү иши жүрөт. Эгерде арызда көрсөтүлгөн далилдер тактала турган болсо, алар [Мариповдор] дагы мыйзам чегинде өзүнүн жазасын алат [...] Кандай гана жетекчи болбосун, мыйзам бузган болсо мыйзам чегинде жазасын бериш керек», — деди Жаныкулов.

Мариповдор жана мечиттеги үгүт

Буга чейин соцтармактарда Бакытбек жана Улукбек Мариповдор Ноокаттагы Чапаев айылындагы «Мулла Абдукахор» мечитинде «үгүт жүргүзүп жатат» делген тасма тараган.

«“Мени президент Садыр Жапаров Сауд Арабияга элчи кылганы жатат, мен буюрса силердин ажыга барышыңарга көп жеңилдик жасап берем, жардам берем” деп, элдин башын айлантып, басым менен агитация жүргүзүп жатышыптыр!» — деп жазган тасманын автору.

Ноокат райондук ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча териштирүүнү баштаган, анткени мыйзамга ылайык ибадат кылуучу жайлардан 100 метр аралыкта гана үгүт жүргүзүүгө болот.

Ал эми Бакытбек Мариповдун өкүлү Маматкул Асанов «Азаттыкка» курган маегинде мечитте үгүт болбогонун, ал жерде айыл аксакалдары талапкерге бата беришкенин билдирген.

Мындан сырткары, соцтүйүн колдонуучусу Асамидин Мариповду «административдик ресурсту колдонууга» айыптаган. Анын айтымында, оорукананын жетекчиси медкызматкерлерден «10 добуштан алып келүүсүн» талап кылууда.

Ал эми Асамидин Марипов «Азаттыкка» курган маегинде айыптоолорду четке кагып, муну «каралоо» деп атаган.

Кийинчерээк милициядан Марипов мечитте үгүт жүргүзгөнү тастыкталбаганын кабарлашкан. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу бул иш боюнча чечим чыгара элек.