Шайлоо-2021: Ош облусу боюнча 48 мыйзам бузуу жөнүндө маалымат түштү

Милиция кызматкерлери Ош облусунун аймагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Сүрөт: Ош ОИИБнин басма сөз кызматы

Ош шаарында 19-ноябрда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча тегерек стол өткөрүштү. Анда Ош ОИИБнин өкүлү облус боюнча шайлоо мыйзамдарын бузуу тууралуу 48 маалымат түшкөнүн кабарлады.

Анын айтымында, 48 билдирүүнүн ичинен алты факт боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган. Дагы 16 факт боюнча жорук иши козголгон. Калган фактылар боюнча териштирүү жүргүзүлүүдө.

«Жалпылап айтканда, мугалимдер окуучуларын шайлоого, үгүткө катыштырып, административдик ресурс колдонгону боюнча [...] [Ошондой эле] талапкерлердин баннерлерди алып коюп, жырткан учурлар катталды. Бул иштер боюнча тиешелүү иштер каралып жатат», — деп билдирди ал.

Ошондой эле Ош ОИИБнин өкүлү Өзгөн жана Араван районунда катталган жорук иштери сотко жиберилгенин кошумчалады.

Бул жерде «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Өзгөн районунун Куршаб айылындагы үгүт иш-чарасы тууралуу сөз болуп жатат. Анда Акматбек Сүйүнбаев атындагы музыкалдык мектептин мугалими иш-чарага мектептин окуучуларын тарткан. Учурда «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен козголгон иш сотко өткөрүлдү.

Ал эми Араван районундагы Базарбай Жээналиев атындагы мектептеги окуя боюнча иш кыскартылган. Анда жергиликтүү кеңештин депутаттары мектептин мугалимдери жана окуучулардын ата-энелерин чогултуп, үгүткө тартуу аракети болгону айтылган. Бирок сурак маалында чогулушууда мектепке генератор сатып алуу маселеси талкууланганы аныкталган.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, парламенттин жаңы чакырылышына 90 депутат беш жылдык мөөнөткө келет.

Шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат. Парламенттик шайлоого 21 партия, ал эми бир мандаттуу округдардан 290 талапкер катышууда.